"Кимди кызматтан алгысы келсе, айыл чарбага жооптуу кылчу": Өзбек президенти министрди тамашага салды

Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев расмий жолугушуу учурунда кыргыз делегациясынын курамы менен тамашалашып, таанышты. Протоколго ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен баарлашып жатып, учурунда өзү да аталган кызматты аркалаганын белгилеп өттү, деп жазат "Баракелде" басылмасы. 

«Премьер-министр болуп турган кезимде айыл чарба тармагын жетектеп, көзөмөлдөп келгем. Ошондуктан бул тармакты, анын абалын жакшы билем. Ишиңизге ийгилик каалайм. Советтер Союзу учурунда кимди кызматтан алгысы келсе, аны айыл чарбасына жооптуу кылып дайындашчу эле», - деди ал.

Садыр Жапаров Акунбеков азырынча кызматтан алынбай турганын, анткени ал жаңы эле дайындалганын айтты.

«Узак убакыт иштейт деп үмүттөнөм», - деди ал.

Мирзиеёв экономика министри Бакыт Сыдыков менен учурашып жатып: «Маанилүү адам. Булардын менталитетинде күн сайын "жок" деген түшүнүк бар», - деди.

Жапаров ал каржы министри эмес экенин эске салды.

«Бирок ошентсе да экөө тең окшош», - деп тамашалады Өзбекстандын президенти.

Ал ошондой эле энергетика министри Алтынбек Рысбековго өзбекстандык кесиптеши менен биргеликте Камбар-Ата долбоорунун аткарылышын тездетүүнү тапшырды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз