Токмокто аялы менен баласын кыйноого шектелген жаран кармалды
Кыйноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
3-августта милицияга Токмок шаарынын тургуну кайрылып, жарандык күйөөсүнө карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, күйөөсү үч жыл бою аны жана алардын эки жаш баласын сабап келген. Арыздануучу күйөөсү аларды зым жана күрөк менен сабап жүргөнүн айткан.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү (Кыйноо) боюнча катталып, шектүү катары 1988-жылы туулган Ч.Ч. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

