Түркия жайкы эс алууга чакырат: Акыркы мүнөттөгү пайдалуу сунуштар менен унутулгус саякат

Дүйнө жүзүндө саякаттоого болгон мамиле өзгөрүүдө. Эл аралык Expedia Group туристтик платформасынын маалыматына ылайык, акыркы убакта эс алууну алдын ала эмес, сапарга чыгууга бир-эки жума калганда пландаган адамдардын саны кескин көбөйдү. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде сапарга чыгууга 7–13 күн калганда жасалган издөө сурамдары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга өскөн. Аба ырайынын өзгөрүшү, жашоо ритминин тездеши жана адамдардын графигинин ийкемдүү болушу мындай тенденцияны күчөтүүдө.

Мындай шартта Түркия Жер Ортолук деңизиндеги эң ыңгайлуу багыттардын бири болуп саналат. Узак жайкы сезон, мейманканалардын кеңири тандоосу, сезондук арзандатуулар жана дүйнөлүк деңгээлдеги тейлөө сапаты акыркы мүнөттө деле эс алууну оңой уюштурууга мүмкүнчүлүк берет. Түркия кооз жээктери, тунук деңизи жана жашыруун булуңдары менен гана эмес, меймандостугу, бай улуттук ашканасы, шарап өндүрүү маданияты, Түнкү музейлер долбоорунун алкагындагы кечки музей программалары жана дайвинг, парапланеризм сыяктуу активдүү эс алуу мүмкүнчүлүктөрү менен да белгилүү.

Өлкөнүн эң популярдуу эс алуу борборлорунун бири — Анталия. Жылына 300 күндөн ашуун күн тийген бул аймак Түрк Ривьерасынын жүрөгү катары дүйнөгө белгилүү. Белек, Кемер жана Сиде сыяктуу курорттор заманбап мейманканаларды, СПА борборлорун, мыкты ресторандарды жана спорттук инфраструктураны сунуштап, эс алуучулар үчүн бардык шарттарды түзөт.

Анталия дүйнөдөгү эң көп Blue Flag (Көк туу пляждардын эл аралык экологиялык сертификаты) эл аралык экологиялык сыйлыгына ээ болгон пляждары менен да айырмаланат. Шаарда мындай сыйлыкка татыган 232 пляж бар. Белек, Гүндогду жана Кадрие пляждары TUI компаниясынын илимий негизде түзүлгөн дүйнөдөгү эң кооз пляждардын рейтингине кирген. Ошондой эле Түркия бул рейтингдин алдыңкы ондугуна төрт пляжы менен кирип, башка өлкөлөрдүн баарынан алдыга чыккан. Мындан тышкары, көгүлтүр суусу менен белгилүү Капуташ пляжы, деңиз ташбакалары Caretta caretta жумуртка таштаган Патара жээги жана суу астындагы байыркы Кекова шаары саякатчылар үчүн өзгөчө кызыгуу жаратат.

Түркиянын Эгей жээги дагы өзгөчө атмосферасы менен айырмаланат. Бул аймакта тарыхый шаарлар, бутик-мейманканалар, зайтун майына, жаңы деңиз азыктарына жана жергиликтүү шараптарга негизделген гастрономиялык маданият айкалышат. Бул жерде маданият, табият жана заманбап эс алуу өз ара шайкеш келет.

Кристофер Ноландын «Одиссея» тасмасы жарык көргөндөн кийин өлкөнүн Түндүк Эгей бөлүгүнө кызыгуу дагы артты. Чанаккале провинциясында жайгашкан байыркы Троя шаары Гомердин эпостору менен археологиялык эстеликтерди айкалыштырган өзгөчө жай болуп саналат. Ага жакын жайгашкан Ассос жана Бозжаада аралы тарыхы, шарап маданияты жана жайбаракат жашоо образы менен туристтерди өзүнө тартат.

Мындан ары Айвалык, Жунда аралы, Измир, Чешме, Алачаты жана Урла шаарлары өзүнүн кооз көчөлөрү, деңиз жээгиндеги жашоо образы, шарап маршруттары жана Мишлен тарабынан белгиленген ресторандары менен белгилүү. Ал эми Бодрум, Датча, Мармарис жана Фетхие тунук деңизи, «Көк саякат» яхта багыттары жана жогорку деңгээлдеги тейлөөсү менен Түркиянын эң мыкты эс алуу жайларынын катарына кирет.

Жайкы сезон күзгө чейин уланып, акыркы мүнөттөгү пайдалуу сунуштар жеткиликтүү болуп турган учурда Түркия өзүнүн табигый кооздугу, маданий мурасы жана сапаттуу тейлөөсү аркылуу эс алууну каалагандар үчүн эң мыкты багыттардын бири бойдон калууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз