GOTÜRKIYE'нин киномотографиялык долбоору эл аралык сынакта жогорку наамды жеңип алды
Түркиянын Туризмди Өнүктүрүү Агенттиги (TGA) заманбап кинематографиялык баяндоо ыкмаларын жана оригиналдуу санариптик долбоорлорду колдонуу аркылуу өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө жаңыча таанытууда.
GoTürkiye платформасынын чыгармачыл долбоорлору Түркияны жөн гана туристтик багыт катары эмес, бай маданий мурасы, миң жылдык тарыхы, уникалдуу салттары, кооз жаратылышы жана өзгөчө жашоо образы менен айырмаланган өлкө катары көрсөтүүдө.
Бул инновациялык ыкма эл аралык деңгээлде жогору бааланып, GoTürkiyeнин “Түркиядай бол, Түркияга бар” аттуу кампаниялык тасмасы жана “Анталья Гамбит”, “Стамбул – менин сүйүүм” мини-сериалдары US International Awards 2026 эл аралык сынагында абройлуу сыйлыктарга ээ болду.
US International Awards — корпоративдик видеолорду, онлайн-медиа долбоорлорун, документалдык тасмаларды жана көз карандысыз чыгармачылык иштерди баалаган дүйнөдөгү белгилүү сынактардын бири. 2026-жылдагы сынакта 25 өлкөдөн келген 100дөн ашуун финалдык долбоордун арасынан GoTürkiyeнин чыгармачыл иштери өзгөчө айырмаланды.
“Түркиядай бол, Түркияга бар” — өлкөнү таанытуудагы мыкты кампаниялык тасма
GoTürkiyeнин негизги ийгиликтеринин бири болгон “Түркиядай бол, Түркияга бар” тасмасы «Корпоративдик видеолор – өлкөнү таанытуу» категориясында Күмүш сыйлыкка ээ болду. Бул категорияда 2026-жылы Алтын сыйлык берилбегендиктен, тасма өз багытындагы эң жогорку баага татыктуу болгон долбоорлордун бири болуп калды.
TGA жана Turkish Airlines компаниялары тарабынан биргелешип даярдалган тасма Түркиянын маданий байлыгын, кереметтүү жаратылышын жана жашоо маданиятын эмоционалдуу баяндоо аркылуу ачып берет.
Тасмада “Түркиядай бол, Түркияга бар” аталышындагы фирмалык ураан аркылуу Түркияга гана мүнөздүү өзгөчө тажрыйбалар көрсөтүлөт. Алардын арасында Айя-Софиянын тарыхый улуулугу, Каппадокиянын үстүндөгү аба шарлары, Эгей деңизинин жээгиндеги узак дасторкондогу жылуу баарлашуулар жана Босфордун кайталангыс көрүнүштөрү камтылган.
TGA мындан ары да дүйнөлүк аудитория үчүн өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири жайылтууга багытталган эл аралык кампанияларды өнүктүрүүнү улантат.
GoTürkiye мини-сериалдары: окуя аркылуу ачылган багыттар
GoTürkiyeнин мини-сериалдары туристтик жарнаманы көңүл ачуучу жана кинематографиялык окуялар менен айкалыштырган жаңы муундагы долбоорлор болуп саналат.
Буга чейин жарык көргөн беш мини-сериал дүйнөлүк санариптик платформаларда кеңири аудиторияга жетип, 7,69 миллиард жарнамалык көрсөтүүгө жана 4,4 миллиард көрүүгө ээ болгон. Бул ийгиликтердин негизинде GoTürkiye жакында өзүнүн алтынчы долбоорун —“Бирюза жайы” аттуу жаңы мини-сериалын сунуштады.
“Анталья Гамбит” — Антальяны жаңыча тааныткан чыгарма
GoTürkiyeнин биринчи мини-сериалы болгон “Анталья Гамбит” US International Awards 2026 сынагында «Онлайн жана социалдык медиа – шаарды таанытуу» категориясында Күмүш сыйлыкка ээ болду.
Кинематографиялык сапатта тартылган бул чыгарма арт-куратор Лара менен сырдуу архитектор Дениздин окуясы аркылуу Түркиянын Жер Ортолук деңиз жээгиндеги бермети болгон Анталья шаарын көрсөтөт.
Он эпизоддон турган сериал шаарды ар тараптуу ачып берет: көгүлтүр булуңдар, заманбап люкс курорттор, байыркы тарыхый эстеликтер, Жер Ортолук деңиз ашканасы жана жандуу шаар турмушу көрүүчүлөргө сунушталат.
“Стамбул – менин сүйүүм” — Стамбулду сүйүү баяны аркылуу көрсөтүү
“Стамбул – менин сүйүүм” мини-сериалы да ошол эле категорияда Финалист сыйлыгына ээ болду.
Долбоор Стамбул шаарын жөн гана окуя болгон жер катары эмес, өз алдынча каарман катары көрсөтөт. Сериал жаш аял Стамбул менен ийгиликтүү ишкер Тан аттуу каармандардын сүйүү издөөгө байланышкан окуясын баяндайт.
Тасмада Чыраган сарайы, Галатапорт, Босфор жана Бейоглу сыяктуу дүйнөгө белгилүү жайлар көрсөтүлүп, Стамбулдун романтикалык атмосферасы, энергиясы жана заманбап жүзү ачылат.
GoTürkiyeнин мындай чыгармачыл долбоорлору туризмди жөн гана маалымат берүү аркылуу эмес, эмоция жана окуя аркылуу таанытуунун жаңы үлгүсүн көрсөтүүдө.
Түркия кинематографиялык баяндоо, маданият жана туризмди айкалыштырган бул стратегия аркылуу дүйнөлүк туристтик рыноктогу ордун бекемдөөнү улантууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

