Эми чет өлкөлүктөр кыргызстандык суррогат энелердин кызматынан пайдалана албай калышы мүмкүн
Жогорку Кеңеште чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын жараны болгон суррогат энелердин кызматынан пайдаланууга тыюу салуу сунушталды. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбооруна тиркелген негиздемеде айтылгандай, өзгөртүүлөр аялдардын жана балдардын укуктарын жана ден соолугун коргоого, суррогат энеликти коммерциялаштырууга жол бербөөгө, ошондой эле бул кызматты Кыргызстандын жарандары пайдаланышы үчүн укуктук негиз түзүүгө багытталган.
Авторлордун белгилешинче, азыркы мыйзамдар чет өлкөлүк жарандарга кыргызстандык суррогат энелердин кызматынан пайдаланууга тыюу салбайт. Алардын пикиринде, бул аялдардын жана балдардын укуктарына байланыштуу тобокелдиктерди жаратууда. Ошол эле учурда суррогат энелик боюнча так статистика жок, анткени бул тармактагы ишмердүүлүк купуя мүнөздө жүргүзүлөт.
Негиздемеде башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы да келтирилген. Орусияда 2022-жылдан бери суррогат энелик кызматынан өлкөнүн жарандары гана пайдалана алат. Ал эми Казакстанда тиешелүү чектөө 2026-жылдын 26-июлунда күчүнө кирген.
Кыргызстанда суррогат энелик практикасы 2005-жылдан бери колдонулуп келет. Авторлор ошондой эле келишимде каралган акчанын төлөнбөй калганына жана ден соолугунун начарлашына байланыштуу ЖМКларга кайрылган аялдардын учурларын мисал катары келтиришкен.
Сунушталып жаткан нормага ылайык, Кыргызстанда суррогат энелик боюнча келишимди Кыргызстандын жарандары гана түзө алат. Ошол эле учурда чет өлкөлүк жаран менен расмий никеде турган Кыргызстандын жараны бул кызматтан пайдалана алат.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана депутат Чынгыз Ажибаев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

