Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын шардана кылды

Президент Садыр Жапаров экинчи президенттик мөөнөткө талапкерлигин коюу ниетинде. Бул тууралуу ал 13-августта журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.

«Барам. Жана башында эле айтпадымбы, экинчи мөөнөткө барышым керек болуп калды», - деди Жапаров.

Президент ошондой эле президенттик шайлоого катышууну каалаган ар бир адам үчүн жол ачык экенин кошумчалады.

«Бардыгына жол ачык. Ким барам десе, бара берсин. Орусча айткандай: “Флаг в руки“. Эч кимди биз чектебейбиз», - деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле шайлоо болушунча таза өтөрүн жана эч кимге тоскоолдуктар жаратылбай турганын билдирди.

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз