Борбор Азиядагы электр жарыгынын өчүшү: Кыргызстан Казакстандын дооматына жооп берди

Технологиялык мүчүлүштүктүн жагдайларын тактоо процессинде Токтогул ГЭСинин эки гидрогенераторунун кыска мөөнөттүү өчүшү катталды, деп билдирди 17-августта «Tazabek» сайтына Энергетика министрлиги.

Буга чейин Казакстандын электр тармагынын улуттук оператору «KEGOC» Токтогул ГЭСинин эки гидрогенератору 14-августта саат 14:37де өчкөнүн, буга байланыштуу Казакстандын Түндүк — Чыгыш — Түштүк транзитинде ашыкча жүктөм пайда болуп, Түштүк зонанын Казакстандын бириккен энергетика системасынан жана Борбор Азиянын Бириккен энергетика системасынан (Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан) бөлүнүп кеткени тууралуу маалымат тараткан.

Борбор Азия өлкөлөрүндө 14-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:30 чамасында жарык өчтү. Өчүү Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандын аймактарында да байкалды.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги түшүндүргөндөй, Токтогул ГЭСинин эки гидрогенераторунун өчүшү Борбор Азиянын бириккен энергосистемасындагы баштапкы мүчүлүштүк болуп саналат жана ал кубаттуулуктун өзгөрүшүнө жана аварияга каршы автоматиканын иштешине алып келген.

«Ошону менен бирге, бул баштапкы мүчүлүштүктү башка өлкөлөрдөгү айрым энергосистема жана энерготүйүндөрдүн өчүшүнүн түздөн-түз себеби менен теңөөгө болбойт», - деп билдиришти мекемеден.

Энергетика министрлиги технологиялык мүчүлүштүктөн кийин КР энергетиктери ыкчам зарыл чараларды көрүшкөнүн жана кыска мөөнөттө (саат 15:55те) Борбор Азия бириккен энергосистемасындагы жыштыкты нормалдуу 50 Гц чейин калыбына келтирип, жыштыкты жөнгө салышканын кошумчалады.

Ошону менен бирге Кыргызстандын энергосистемасы коңшу мамлекеттерге болжол менен 250 МВт кубаттуулукту берүү менен жардам көрсөткөн.

Алматы энерготүйүнүнүн өчүшү Борбор Азия бириккен энергосистемасындагы жыштык номиналдык мааниде болгон учурда эле болгон.

Мындай кырдаалдарда энергосистемалар баланс калыбына келгенге чейин, анын ичинде төмөндөтүлгөн жыштык менен изоляцияланган режимде туруктуу иштөөнү камсыз кылат.

Ошондуктан башка өлкөлөрдөгү энерготүйүндөрдүн өчүшү ар бир мамлекеттин энергосистемасындагы андан кийинки процесстерге өзүнчө талдоо жүргүзүүнү талап кылат.

«Биргелешкен техникалык иликтөө аяктаганга чейин авариянын бардык кийинки кесепеттери үчүн жоопкерчиликти Кыргызстандын энергосистемасына жүктөө туура эмес.

Технологиялык мүчүлүштүктүн себептери атайын комиссия тарабынан иликтенет», - деп билдиришти Энергетика министрлигинен.

 Маселенин тарыхы

Кыргызстандын энергосистемасы 14-августта саат 15:34тө Казакстандагы жогорку чыңалуудагы линияда болгон мүчүлүштүктөн кийин убактылуу изоляцияланган режимде иштөөгө өткөн, деп Энергетика министрлиги «Tazabek'ке» билдирген. Бул убакта Бишкекте чыңалуу байкалып, шаардын айрым райондорунда жарык өчкөн.

Казакстандын ЖМКлары Алматы шаарында жана Алматы облусунда жарык өчкөнүн кабарлашкан.

Мындай көйгөй Өзбекстан жана Тажикстанда да катталган.

Тараптардын расмий версиялары ар түрдүү. Кыргызстандын Энергетика министрлиги алгач Казакстандын энергосистемасынын түндүк жана түштүктү бириктирген линияда өчүү болгонун, натыйжада Борбор Азиянын бириккен энергосистемасы бөлүнгөнүн кабарлаган.

«Автоматика жабдууларды сактап калуу үчүн регламентке ылайык иштеди», - деп айтылган КР Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө. 

Казакстандын Энергетика министрлиги өчүүнү тышкы таасир менен байланыштырган.

«14-августта Борбор Азиянын энергосистемасы тараптан электр энергиясынын агымынын кескин өзгөрүшүнөн улам энергосистемага кубаттуулук ашыкча келди. Натыйжада аварияга каршы автоматика иштеп, бул Казакстандын айрым региондорунда жарыктын өчүшүнө алып келди», - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги өлкөнүн атын атабастан коңшулардагы аварияны атаган.

«Коңшу өлкөнүн энергетикалык системасында болгон авариянын натыйжасында Борбор Азиянын энергосистемасына таасир тийди. Ушундан улам Сурхандарыя жана башка облустарда үзгүлтүк байкалды», - деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги мүчүлүштүктүн так себеби аныктала электигин кабарлады. Аны тактоо үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз