Курулуш министри Оштогу Салижан Жигитов атындагы мектептин курулуш иштери менен таанышты
Бүгүн, 18-август күнү Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына атайын сапар менен келди.
Жумушчу сапардын жүрүшүндө министр алгач эле Салижан Жигитов мектебинин курулуш иштерин көрдү.
Иш-чара Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, вице-мэр Шумкар Пайзиевдер катышты.
Министр баштаган жоон топ курулуш иштери менен таанышып, журналисттерге маалымат берди.
Министрдин айтымында, Ошко 10 мектеп курулуп жаткан болсо, алардын курулуш иштери аягы менен октябрда жыйынтыкталат.
Орунтаев ошондой эле Жигитов мектебинин имараты офистер сыяктуу болорун кошумчалады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулууда. Алардын бири — 1200 орундуу №2 Салижан Жигитов атындагы мектеп.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзүп, имарат 4 кабаттуу болуп курулду. Окуучуларга заманбап шартта сапаттуу билим алуусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралган.
Белгилей кетсек, мектептин курулушуна өлкө башчысы ушул жылдын апрель айында старт берип, капсула салган.
Бүгүнкү күндө имараттын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылган. Учурда ички жасалгалоо жана башка курулуш иштери кызуу уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

