Швейцариянын Альп тоолоруна байлардын байлыгы сакталабы?
Швейцария Альп тоолорунда, Люнгернге жакын жердеги Брюниг тоо кыркасында өтө бай адамдардын баалуу буюмдарын сактоо үчүн жер астындагы комплекстин курулушунун алгачкы этабы аяктады. Мындай маалыматты «BILD» жазды.
Долбоорду ишкер Томас Гассерге таандык «Brünig Mega Safe AG» компаниясы ишке ашырууда.
Компаниянын директорлор кеңешинин өкүлү Гуго Шиттенхельм билдиргендей, коопсуздугу жогорулатылган аймактын курулушунун алгачкы этабы аяктады. Курулуш 2026-жылдын январында башталган, алгачкы сактоочу жайларды 2028-жылы тапшыруу пландалууда.
Сактоо жайлары тоонун ичинде 100 метрден ашык тереңдикте жайгашкан. Жалпысынан 20дан 25ке чейин өзүнчө камера куруу пландалууда. Анда кардарлар алтын, акча, искусстволук чыгармаларын жана автоунааларды сактай алышат. Баңгизат жана жардыруучу заттарды сактоого тыюу салынат.
Бир сактоочу жайды 99 жылга ижарага алуунун баасы бир миллион еврого чейин жетет, пайдалануу укугу жер кадастрында катталат. Компания объектинин коопсуздук деңгээлин Швейцариянын Улуттук банкынын коопсуздугу менен салыштырууга болорун, ал эми сактоочу жайларга кирүү бир нече текшерүү аркылуу уюштурулганын билдирүүдө. Гассердин айтымында, келгендер автоунаадан түшүп, кошумча көзөмөлдөн өтүүгө аргасыз болушат.
Мурдагы аскердик шахталарды жана тоо массивдерин коммерциялык максатта колдонуу Швейцарияда кеңири жайылган тажрыйба болуп саналат. Ал жерде тоолуу аймактар көбүнчө жамааттардын, корпорациялардын же компаниялардын менчигинде болот; буга чейин мындай тоннелдер сыр заводдору, козу карын фермалары жана маалымат борборлору үчүн колдонулган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

