Дүйнөлүк чемпионат: Финалдын жыйынтыгы жана рекорддор. Эмнелер эсте калды?

 
Футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпионаты жыйынтыкталып, тарыхтагы эң масштабдуу, эң кымбат жана эң кирешелүү дүйнө биринчилиги катары эсте калды. Турнирдин финалында Испания курама командасы жеңип, тарыхында экинчи ирет чемпиондук кубокту көтөрүштү. Ал эми Аргентина экинчи жолу катары менен чемпион болуу укугунан ажыраганы менен эки ирет вице-чемпион аталып, үйүнө кайтты.
 
Испаниялык чабуулчу Ферран Торрестин 106-минутадагы Аргентинанын курама командасынын дарбазасына тепкен тобу голго айланып, футбол боюнча дүйнө чемпионатына чекит койду. Ошол гол Испанияны 2026-жылдагы мундиалдын чемпиону кылып, Мессини дагы бир жолу дүйнө биринчилигин утуу укугунан ажыратты.
 
48 мамлекеттин улуттук курамалары катышкан бул турнирде мөөрөйдү жулуп кеткен Испания курамасы бардык оюндарда фаворит болду. Алар плей-офф баскычындагы Белгия менен өткөн беттеште өз дардазасына бир гана гол өткөрүп алган менен (Испания 2-1 Белгия) калган жети оюнда тең жеңишке жетип, бул турнирдин жаңы жылдызына айланган Кабо-Верде командасы менен тең ойноду.
 
Мундиалдын негизги фавориттери болуп Испаниядан сырткары, Аргентина, Аңглия жана Франция болчу. Чынында эле булар турнирдин жыйынтыгы менен эң алдыңкы төрт орунду бөлүп алышты. Эң кызыгы – ФИФАнын рейтинги боюнча да бул курамалар алдыңкы төрттүктө жайгашкан эле. Акыркы жаңылоосунан кийин Аргентина биринчи орунун чемпион болгон Испанияга бошотуп берди.
 
Мелдештин «Эң мыкты оюнчусу» наамы Испаниянын капитаны Родриге буюрган болсо, «Мыкты жаш оюнчу» наамына испан коргоочусу Пау Кубарси татыктуу деп табылды. Ал эми «Эң мыкты чабуулчу» наамын 10 голу менен айырмаланган француз чабуулчусу Килиан Мбаппе ээледи. Ал дүйнө чемпионатынын тарыхында эң көп – 22 голу киргизип, рекорд койду. Экинчи тизмеде 21 голу менен Месси жайгашты.

Ал эми 3-орун үчүн беттеште Франция менен Аңглия кез келип, ачык футбол өткөрүштү. Жыйынтыгында 4-6 эсебинде Аңглиянын футболчулары коло медалды тагынышты.
 
Күчтүүлөр кандай кулады?
 
Бул дүйнө чемпионаты күтүлбөгөн сенсациялар жана драмалуу беттештер менен да күйөрмандардын эсинде калды. Турнирдин фавориттери катары саналган бир катар күчтүү курамалар плей-офф баскычына жеткенине карабастан, чечүүчү оюндарда атаандаштарына мүмкүнчүлүк берип, мелдеш менен кош айтышты. Алардын арасында дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Германия, беш жолку чемпиону Бразилия, ошондой эле Португалия, Египет, Бельгия жана Норвегия өңдүү күчтүү курамалар болду.
 
Өзгөчө Германия менен Бразилиянын эрте жеңилиши дүйнөлүк футболдо чоң талкуу жаратты. Германия пенальтилер сериясында Парагвайга жол берсе, Бразилия плей-оффто Норвегияга утулуп калды. Ал эми Португалия Испания менен болгон принципиалдуу беттеште жеңилип, дүйнө кубогуна бараткан Криштиану Роналдунун жолу тосулду. Египет дагы таймашка татыктуу каршылык көрсөткөнү менен, чечүүчү учурларда ийгилик жылмайган жок.
 
Ошентип футболдо жеңүүчүнү алдын ала аныктоо мүмкүн эмес экени дагы бир жолу далилденди. Ар бир команда акыркы мүнөткө чейин күрөшүп, ар бир оюн өзүнчө тарых жаратты. Дал ушундай күтүлбөгөн жыйынтыктар Дүйнө чемпионатын дүйнөдөгү эң кызыктуу жана эң көп көрүлгөн спорттук мелдештердин бири кылып келет.
 
Футболдун башкы турнири кандай өттү?
 
Турнир АКШ, Канада жана Мексиканын 16 шаарында өтүп, ага рекорддук 48 улуттук курама команда катышты. Бул Мундиаль абдан кенен географияны камтыды. Европадан 16 команда жолдомо алып барса, Азиядан 9, Африкадан 10, Түндүк, Борбордук жана Кариб деңизинен 6, Түштүк Америкадан 6 жана Океаниядан 1 команда катышты.
 
48 команда 12 тайпага төрттөн бөлүндү. Чемпионат жыйынтыкталгыча жалпы 104 оюн ойнолгон болсо, анын 72си тайпалык этапка туура келди. 1/16 баскычында – 16, 1/8 баскычында – 8, чейрек финалда – 4, жарым финалда – 2, үчүнчү орун үчүн – 1, чемпиондук үчүн – 1 оюн өттү.
 
Аталган чемпионат бир катар мамлекеттер үчүн тарыхый мелдеш болду. Анткени мундиалга төрт улуттук курама алгачкы жолу жолдомо алды, алар — Өзбекстан, Йордания, Кабо-Верде жана Кюрасао мамлекеттери болду.
 
Беттештерди стадиондордо жалпысынан 6,81 миллион күйөрман күбө болсо, дүйнө жүзү боюнча миллиарддаган адам телеканалдар жана санарип платформалар аркылуу көрдү.
 
Бул чемпионатка калкы 115 миңге жакын Кюрасао, 600 миңге жетпеген Кабо-Верде сыяктуу чакан мамлекеттерден тартып, 330 миллиондон ашык калкы бар АКШ сыяктуу ири өлкөлөргө чейин катышып, дүйнөлүк футболдун кеңири географиясын көрсөттү.
 
Финансылык жактан да турнир жаңы рекорд жаратты. FIFA дүйнө биринчилигин уюштурууга 10,9 миллиард доллар жумшаса, телетрансляция укуктары, билет сатуу жана демөөрчүлүк келишимдеринен түшкөн жалпы киреше 15 миллиард долларды түздү.
 
Финалдык беттештин тыныгуу маалында дүйнөлүк шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда концерттик программа уюштурулду. Анда Шакира, баштаган Мадонна, BTS, Жастин Бибер жана Coldplay тобу сыяктуу ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мындай формат Дүйнө чемпионаттарынын тарыхында биринчи жолу колдонулду.
 
Кайсы команда канча млн доллар алды?
 
Бул жолку чемпионатта FIFA – улуттук курама командаларга рекорддук сумма бекитти. Ага ылайык, жалпы сумма 727 миллион АКШ долларын түзүп, бул 2022-жылкы Катардагы мундиалга салыштырмалуу 50 пайызга көбөйтүлгөн.
 
Тактап айтканда, мундиалга жолдомо алган 48 команда арасында 655 миллион доллар – байге катары бөлүштүрүлдү. Дүйнө чемпиону болгон курама 53,5 млн $ алса, финалда утулган командага 36,5 млн $ берилди. Үчүнчү орун үчүн 32,5 миллион, төртүнчү орун үчүн 30,5 млн $ ыйгарылды.
  
Мындан тышкары, дүйнө чемпионатына жолдомо алган ар бир курама команда даярдык чыгымдары үчүн 1,5 миллион доллардан берилген. Ал эми алгачкы баскычта эле жеңилүү ызасын тарткан курамалар 9 млн доллардан алышты. Натыйжада турнирге катышкан ар бир улуттук курама кеминде 10,5 миллион доллар табышты.
 
Легендалардын акыркы оюнубу?
 
Бул дүйнө биринчилиги бир катар белгилүү футболчулар үчүн акыркы мундиал болуп калганы айтылды. Алардын катарында аргентиналык чабуулчу Лионель Месси, португиялык чабуулчу Криштиану Роналду, бразилиялык чабуулчу Неймар, германиялык дарбазачы Мануэль Нойер, египеттик чабуулчу Мохаммед Салах, жана хорватиялык чабуулчу Лука Модрич бар.
 
Бул футболчулардын ар бири өз доорунун символуна, жаштардык кумирине айланып, дүйнөлүк футболдун өнүгүшүнө ченебеген салым кошту. Нойер дарбазачынын оюн стилин жаңы деңгээлге көтөрүп, «эркин дарбазачынын» мыкты үлгүсүн көрсөтсө, Неймар өзүнүн өзгөчө техникасы, дриблинги жана чыгармачыл оюну менен миллиондогон күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланды. Ал эми Салах африкалык футболдун аброюн көтөрүп, Египет курама командасынын башкы жылдызы катары тарыхта калды.
 
Ал эми Лионель Месси менен Криштиану Роналду акыркы жыйырма жылда бүтүндөй бир доорду камтышты. Алар футболдогу атаандаштыкты, талбаган эмгекти, талантты жана мыкты оюндар менен айтып бүткүс эмоцияларды тартуулаган оюнчулар катары эсте калууда. Алар көптөгөн сыйлыктарды жеңип, жаш футболчуларга кумир болушту. Ошондуктан бул мундиаль алардын эл аралык карьерасындагы соңку дүйнө чемпионаты катары тарыхта калганы турат. Алар менен кошо футболдогу бүтүндөй бир доор жыйынтыкталууда. Бирок, футбол – алдыдагы жаңы муундун дүйнөлүк жылдыздарына жол ачып жатат.
 
Ошентип 2026-жылкы Дүйнө чемпионаты жаңы рекорддор, күтүүсүз жыйынтыктар жана унутулгус көз ирмемдер менен эсте калды. Эми футбол сүйүүчүлөрүнүн көңүлү 2030-жылы өтө турган юбилейлик дүйнө чемпионатына бурулууда.
 
Авторлор: Асанбек Каракозуев, Бек Турган

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз