Ирандын сокуулары АКШнын чалгын кызматтарынын объектерине оор зыян келтирген
Ирандын ракеталык соккулары жана учкучсуз учуучу аппараттардын (БПЛА) чабуулдары Жакынкы Чыгыштагы АКШнын чалгындоо объектилерине жана байкоо жүргүзүүчү жабдууларына болуп көрбөгөндөй зыян келтирген. Бул тууралуу NBC News телеканалы өз булактарына таянуу менен билдирди. Маалыматка караганда, талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө миллиарддаган доллар талап кылынат.
Жабыркаган объектилердин арасында Сауд Аравиясынын борбору Эр-Рияддагы Борбордук чалгындоо башкармалыгынын резидентурасы бар. Ага март айында Ирандын дрондору сокку урган. Ошондой эле Ирактын Сулеймания провинциясындагы америкалык чалгындоо посту да жабыркаган.
Мындан тышкары, аймактын ар кайсы жерлеринде жайгашкан жашыруун объектилерге, радарларга жана АКШнын атайын кызматтары менен аскерлери биргелешип колдонгон байкоо жүргүзүүчү каражаттарга да соккулар жасалган.
NBC News билдиргендей, жаңжал башталгандан бери Иран 2 миңден ашуун сокку урган. Натыйжада сегиз өлкөдө жайгашкан АКШнын кеминде 20 мамлекеттик объектиси жабыркаган.
Телеканалдын маалыматына ылайык, келтирилген зыяндын масштабы АКШнын чалгындоо органдары буга чейин туш болгон бардык кыйроолордон ашат.
Бул жагдай АКШнын Конгрессин кошумча каражат издөө зарылдыгына түртүп, ал эми америкалык аткаминерлерди аймактагы кадрларды жана чалгындоо ресурстарын кайра бөлүштүрүү маселесин кароого мажбур кылды.
Буга чейин Financial Times басылмасы эксперттер АКШнын Перс булуңундагы ири туруктуу аскердик базаларын жайгаштыруу форматын кайра карап чыгышы мүмкүн экенин жазган. Анын ордуна күчтөрдү аймак боюнча көбүрөөк чачыранды жайгаштыруу моделине өтүү сунушталууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

