УКМК Ысык-Көлдөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө көзөмөл күчөгөнүн кабарлады

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн алкагында Ысык-Көл облусунда масштабдуу ыкчам-алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Атайын кызмат билдиргендей, 26-августта уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган адамдар УКМКга жеткирилди.

Алар менен түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле төмөнкүлөргө жол берилбестиги эскертилди:

•    ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерди кайрадан жандандырууга; 

•    кылмыштуу чөйрө менен байланыш сактоого; 

•    «уурулар идеологиясы» деп аталган түшүнүктү жайылтууга жана үгүттөөгө.

УКМК белгилейт: жарандарга басым көрсөтүү, опузалоо, шантаж кылуу же кылмыштуу салттарды кайра жандандыруу аракеттеринин баарына өтө катаал түрдө бөгөт коюлат. Мыйзам бузулган ар бир фактыга укуктук баа берилип, күнөөлүү адамдар эң катуу жазага тартылат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз