Кыргыз балбандары татар жана иран күрөшүнөн 2 күмүш медаль жеңишти
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром» ден соолукту чыңдоо борборунда Татар жана Иран күрөштөрү боюнча мелдештер өттү.
Анда абсолюттук салмактык категорияда эки кыргыз балбаны финалга чыгып, экөө тең атаандаштарына утулуп, күмүш медалга ээ болушту.
Татар күрөшүнөн финалга чыккан Байаман Мыктыбеков орусиялык каршылашы Радик Салаховго утулса, Сейтек Доктурбек уулу иран күрөшүнөн ирандык Мостафа Таганиге жеңилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


