VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карай ишенимдүү кадам

Өзгөн районунда акыркы жылдары спорт тармагында чоң өзгөрүүлөр, жаратмандык иштер жүз берди. Жаштардын дени сак жашоо образын калыптандыруу, кесипкөй спортчуларды даярдоо жана улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү багытында бир катар долбоорлор ишке ашууда. Мамлекет башчысынын “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында райондо ири спорттук мелдештер, республикалык жеңиштер жана эл аралык деңгээлге чыгуу аракеттери жүрүүдө. Жаштардын спортко болгон дилгирлиги, жергиликтүү машыктыруучулардын талыкпаган эмгеги жана мамлекеттик деңгээлде көрсөтүлүп жаткан колдоолордун натыйжасында өзгөндүк спортчулар республикалык жана эл аралык ареналарда райондун гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн намысын бийик коргоп келишет. Өзгөн районунун спорттогу ийгиликтери, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу Ош областтык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын Өзгөн району боюнча инструктору Мокеев Закир  Дөдүевич менен баарлаштык.  

Спортту өнүктүрүү багытындагы иш-аракеттер 

Өзгөн районунда спорт инфратүзүмдөрүнүн чыңдалышы спортчулардын чеберчилигин жогорулатууга өбөлгө түзүүдө. "Өзгөн" футбол клубу жана жергиликтүү балбандар облустук, республикалык мелдештерде жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Мектептерде жана айылдарда кичи футбол, волейбол, күрөш боюнча мелдештер бат-баттан уюштурулууда. Көк бөрү, эр эңиш, алыш жана тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндарга өзгөчө көңүл бөлүнүп, райондо күчтүү улакчылар жана балбандар мууну калыптанууда. 

Жалпыга маалым болгондой, алдыда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Мелдештин салтанаттуу ачылышы Бишкекте пландалып, негизги мелдештер Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн катышуучулардын келери күтүлүүдө. Ал эми Өзгөн районунан жана Ош облусунан бир катар багыттар боюнча спортчулар улуттук курама командага тандалууда.  

Көк бөрү жана Эр эңиш боюнча Өзгөн өрөөнүнөн чыккан тажрыйбалуу улакчылар жана ат үстүндөгү күрөшчүлөр республикалык тандоо мелдештерине катышып жатат. Бел боо күрөшү боюнча (Алыш, Кырчын күрөшү),  Өзгөндүк бел боо күрөштүн чеберлери эл аралык ареналарда  байгелүү орундарды ээлеп келет жана өлкө намысын коргоого башкы талапкерлердин катарында болушууда. Салбуурун жана жаа атуу боюнча, мыкты мүнүшкөрлөр менен кушчулар жана салттуу жаа атуу чеберлери ошондой эле Тогуз коргоол жана Ордо акыл оюндары боюнча райондук чемпиондор жана тажрыйбалуу оюнчулар атайын машыгуулардан өтүп жатышат. 

Көчмөндөр оюндарына жолдомо алган өзгөндүк балбандар

Айрыкча улуттук спорттун  түрлөрү боюнча Өзгөн өрөөнү ар дайым чемпиондорду таптап келген. Алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкө намысын коргой турган өзгөндүк балбандар учурда жооптуу машыгуу этабын өтөп жатышат. 

Турдукул Абдрахманов — «Эр эңиштин» тирүү легендасы

Анын спорт чөйрөсүндөгү таржымалы терең, тажрыйбасы кенен. Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 5 ирет катышып, 3 жолу 1-орунду (алтын) жана 2 жолу 2-орунду (күмүш) багындырган легендарлуу балбан Турдукул Абдрахманов кезектеги 6-Көчмөндөр оюндарына жолдомо алды. Бул ирет ал 100 кг жогору (100+) салмак категориясында күч сынашат. Турдукул балбан менен бирге Канат Алпанов машыгууда. Бул балбандарды Эр эңиш федерациясынын президенти Акматбек уулу Нурланбек өзү жеке көзөмөлүнө алып, даярдап жатат.

Ахрорбек Абдукаимов — "Алыш" күрөшүнүн үмүтү

Өзгөн районунун 26 жаштагы балбаны Ахрорбек Абдукаимов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында "Алыш күрөшү" боюнча алгачкы жолу күч сынашат. Ал күрөш дүйнөсүнө 10 жашында келген. Аны атасы, көп жыл катары менен чемпион болгон, күрөш боюнча балбандар династиясынан чыккан Анварбек Абдукаимов машыктырууда. Коңшу мамлекеттерден келе турган негизги атаандаштарын жакшы билген жаш мушкер Ахрорбек Абдукаимов: “Жениш жалгыз күч менен эмес, акыл тактикасы менен келет” деген принципти карманат.
Аркан тартыш жана Таяк тартыш чеберлери
Бишкек шаарында өткөн Кыргызстан Аркан тартыш федерациясынын мелдешинде Өзгөн районунун командасы ийгиликтүү чыгып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо утуп алышты. Астана шаарында өткөн эл аралык турнирде Өзгөн районунун Зергер айыл аймагына караштуу Ничке-Сай айылынын тургуну Даниель Көчкөнбаев 3-орунду ээлеп, эл аралык байгеге ээ болду.  Кара-Суу районунда өткөн “Салам Ош” фестивалында Өзгөндүн Таяк тартыш, Кол күрөшү жана Аркан тартыш курамалары райондор арасында 1-орунду ээлешти.

Мектеп лигасы жана волейболдогу триумф

Өзгөн районунун окуучулары жана волейбол клубдары республикалык аренада жогорку натыйжаларды көрсөтүп, ири акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Бишкек шаарында өткөн Мектеп лигасынын республикалык этабында №31 Сатыбалды Кадыров атындагы мектептин окуучу кыздары волейболдон чемпион аталып, 500 000 сомдук сертификатка ээ болушту. Ал эми №66 Адибай Маматов атындагы мектептин эркек балдар командасы волейбол боюнча республикада 3-орунду багындырып, 200 000 сом утууга жетишти.
"Өзгөн" волейбол клубу Кыргызстандын волейбол клубдары арасындагы чемпионатында өлкө чемпиону болуп, 1-орунду багындырды. Манас шаарында өткөн республикалык беттеште Өзгөн спорттук мектебинин кыздар командасы 1-орунду ээлеп, 150 000 сомду утуп алышты. Өзгөн борбордук стадионунда муундар арасындагы волейбол мелдеши уюштурулуп, жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан 114 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Зулпукар Ормоновдун элесине арналган эң ири спорттук мелдеш

Райондо спорт тармагын чыңдоо үчүн материалдык-техникалык базаны жакшыртуу жана заманбап спорт объектилерин куруу активдүү жүрүүдө.  Райондун борборунда жана айыл аймактарында жаңы спорт комплекстери ачылууда. Райондун борборунда Зулпукар Ормонов атындагы заманбап спорттук комплекс колдонууга берилип, футбол жана башка спорттун түрлөрү боюнча машыгууга чоң шарт түзүлдү. Учурда райондук борбордук стадионду жана эс алуу парктарын калыбына келтирүү, спорт аянтчаларын заманбап  ылайыктап жаңылоо иштери улантылып жатат. 

Райондук борбордук стадиондо Зулпукар Ормоновдун жаркын элесине арналган мелдеш өтүп, ага спорттун Волейбол, Футбол, Кол күрөшү, Таяк тартыш, Ордо, Шахмат, Тогуз коргоол, Бильярд түрү боюнча 954 спортчу тартылды. Спорттук мелдешке Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, Агартуу министри Доктургүл Кендирбаева, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, Волейбол федерациясынын Президенти Элмурза Сатыбалдыев, ЖК депутаты Улукбек Ормонов жана район акими Каныбек Апбасов катышты. Жеңүүчүлөрга депутат Улукбек Ормоновдун үй-бүлөсү тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Өзгөндүк спортчулар дайыма алдыга озгон болсун

Өзгөн районундагы мектеп окуучуларынын республикалык спорт мелдештериндеги ири жеңиштери, райондун борбордук стадионунда миңдеген спортчулардын башын бириктирген ири турнирлердин өтүшү жана  Турдукул Абдрахманов, Ахрорбек Абдукаимов өңдүү балбандардын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга жолдомого ээ болуусу — Өзгөн районунун спорттогу улуу пайдубалынын бекемдигин далилдеп турат. Албетте, бул чек болбосун, Өзгөндүк спортчулардын ысымдары ар убак сыймык менен аталып, бийиктиктерди багынта беришине тилектешпиз. 

Алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өзгөндүк спортчулар өлкө намысын татыктуу коргоп, жеңиш куржунун байгелер менен толтурат деген ишенич чоң. Райондун аймагында Көчмөндөр оюндарына даярдыктар ирээти менен өзүнчө тартипте жана бир катар этапта жүрүп жатат. Өзгөндүк спортчулар облустук жана республикалык базаларда интенсивдүү окуу-машыгуу жыйындарынан өтүп жатышат. Аттарды таптоо жана машыктыруу боюнча, Көк бөрү жана ат спортунун түрлөрү үчүн аргымактарды даярдоо, салмак жана чыдамкайлыгын жогорулатуу иштери жүрүүдө. Спорттун  күрөш түрүнүн өкүлдөрү эрктүүлүк менен чыдамкайлыкты жогорулатуу үчүн тоолуу аймактардагы машыгуу базаларында машыгууларды өткөрүшүүдө. 

А.МАТИЕВА.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз