Кыргыз улакчылары көк бөрүдөн да, көкпардан да казак атаандарын жеңип, чемпион болушту
Кыргызстандын Улуттук курама командасы көк бөрүнүн да, көкпардын да финалдык беттештеринде казакстандык улакчыларды жеңип, VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды.
Көк бөрүдө кыргызстандыктар атаандашына бир дагы мүмкүнчүлүк бербей, 12:0 эсебинде жеңип алды. Тактап айтканда, беттештин биринчи бөлүгүндө эсеп 4:0, экинчисинде 8:0 менен жыйынтыкталса, акыркы 15 мүнөттүк жалпы эсеп 12:0 болду.
Ал эми көкпар боюнча финалдык оюнда да ушул эле эки өлкөнүн командалары кез келип, жыйынтыгында 7:2 эсеби менен Кыргызстандын командасы жеңишти камсыз кылды.
Жыйынтыктоочу финалдык оюндар 6-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.
Фото: Жээнбек Сагыналиев
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


