Нурланбек Тургунбек уулу Ички иштер министри менен болгон жолугушуусу тууралуу комментарий берди
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу соттон адилеттүү чечим күтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал 7-сентябрда Бишкек шаардык сотундагы отурумдун алдында журналисттерге айтты.
«Адилеттүү чечим кабыл алынышы керек, анткени бул жерде эч кандай кылмыш жок. Окуянын өзү жок», - деди ал.
Тургунбек уулу «Ырыс Ордонун» ачылышына катышуусу боюнча комментарий берди. Анын айтымында,ал жакка расмий чакыруу менен барган.
«Чакыруусу жок эле бармак белек? Бизге расмий түрдө чакыруу беришкен, чакырылган меймандар катары катышканбыз», - деди мурдагы спикер.
Ал муну көз караштардагы айырмачылыктарга жана түзүлгөн жагдайларга карабастан президент Садыр Жапаровдун биримдикке чакыруусу катары баалаганын белгиледи.
Журналисттер андан социалдык тармактарда талкууланган ички иштер министри Улан Ниязбеков менен болгон жолугушуусу тууралуу сурашты.
«Биз президенттин бир командасында дээрлик беш жыл иштедик. Парламент аркылуу ички коопсуздук тармагында көптөгөн мыйзам долбоорлору кабыл алынган. Биз Ички иштер министрлиги менен тыгыз кызматташканбыз. Баары менен жакшы мамиледемин», - деп жооп берди Тургунбек уулу.
Муну менен катар ал ИИМ башчысы менен жолугушууда кылмыш иши талкууланбаганын билдирди.
Мурдагы спикер кызматтан кеткенден кийин президент Садыр Жапаров менен да жеке жолукпаганын айтты.
7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Отурум жабык эшик артында өтүүдө. Сот күбөлөрдү суракка алууну аяктап, иштин материалдарын изилдөөгө өттү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

