Стамбулдагы Рами китепканасы дүйнөдөгү эң мыкты "жашыл китепкана" деп табылды

Түркиянын Стамбул шаарындагы эң ири Рами китепканасы Эл аралык китепкана ассоциациялары жана мекемелери федерациясы (ИФЛА) тарабынан уюштурулган 2026-жылдагы «Жашыл китепкана» (Green Library Awards) сыйлыгынын «Ири масштабдагы долбоор» (Grand-Scale Project) номинациясында биринчи орунга ээ болду.


Сыйлык ИФЛАнын Айлана-чөйрө, туруктуулук жана китепканалар секциясы (ENSULIB) тарабынан берилет. Ал айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана экологиялык жоопкерчилик жаатында лидерликти, инновацияны жана олуттуу натыйжаларды көрсөткөн китепканаларды жана долбоорлорду баалайт.


Сыйлыктын 11-салтанаты 2026-жылы Корея Республикасынын Пусан шаарында өткөн ИФЛАнын Бүткүл дүйнөлүк китепкана жана маалымат конгрессинин (WLIC 2026) алкагында жарыяланды. Рами китепканасы 27 өлкөдөн келген 62 долбоордун арасынан тарыхый мурасты сактоо менен климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу шаардык коомдук мейкиндик түзүү концепциясы үчүн өзгөчөлөндү.


Тарыхты сактап, келечекке жол ачкан долбоор



1826–1828-жылдары курулган Рами казармасы реставрациялоо, жаңылоо жана курулуш иштеринен кийин 2023-жылы китепкана катары кайрадан эшигин ачкан. Долбоорду ишке ашырууда тарыхый имаратты сактоо жана ага жаңы функция берүү — адаптивдүү кайра пайдалануу принциби негизге алынган. Натыйжада имараттын тарыхый келбети жана баштапкы курулуш материалдарынын негизги бөлүгү сакталган.


Жабык аянты 36 миң чарчы метрди түзгөн Рами китепканасында 4 200 адамга ылайыкталган орун бар. Комплексте санариптик китепкана, балдар жана жаштар китепканасы, чоңдор үчүн китепкана жана бир катар адистештирилген бөлүмдөр иштейт.


Экологиялык туруктуулук жана биологиялык ар түрдүүлүк



Китепкананын аймагынын 51 миң чарчы метрин жашылдандырылган мейкиндик түзөт. Бул көрсөткүч Рами китепканасын Европадагы ички ландшафттык аянты эң чоң китепкана катары мүнөздөөгө мүмкүндүк берет. Аймакта 696 дарак, 99 миң бадал, биологиялык көлмө жана камыш тилкелери жайгашып, шаардагы биологиялык ар түрдүүлүктү колдоого жана жергиликтүү микроклиматты жакшыртууга салым кошот.


Имараттын чоң чатырларынан чогултулган жаан суусу жашыл аймактарды сугарууга жана дааратканаларды камсыздоого кайра пайдаланылат. Энергияны үнөмдөө үчүн аз керектөөчү жабдуулар, LED жарыктандыруу, сенсордук системалар жана күн энергиясынын технологиялары колдонулат. Ошондой эле таштанды булактагы түрүнө жараша бөлүнүп, кооптуу калдыктар өзүнчө башкарылат, бир жолку пластиктерди колдонуу азайтылат жана ички иш процесстери санариптештирилет.


«Жашаган китепкана» концепциясы



Рами китепканасында туруктуулук экологиялык чаралар менен гана чектелбейт. Китепкана социалдык, маданий жана билим берүү багыттарын да камтыган комплекстүү ыкманы карманып, «жашаган китепкана» концепциясын өнүктүрүүдө.


Маданий иш-чаралар, климаттык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган маалыматтык кызматтар, окуулар жана практикалык семинарлар коомдун билим берүү жана маданий муктаждыктарына жооп берет. Атайын жеткиликтүү ресурстар борбору ар кандай курактагы жана муктаждыктагы адамдардын китепкана кызматтарынан пайдалануусуна шарт түзөт.


Ал эми Шифахане (Şifahane) реставрация бөлүмү сейрек кездешүүчү кол жазмаларды жана басма материалдарды сактап, калыбына келтирүү аркылуу маданий мурастын кийинки муундарга жетишине салым кошот.


Рами китепканасы суткасына 24 саат иштейт жана өзгөчө кырдаалдар учурунда коопсуз чогулуу пункту катары да пайдаланылат. Китепкана Түркияда «Biosphere Sustainable Museum Certification» туруктуу музей сертификатын алган биринчи китепкана болуп, өлкөдө «Zero Waste Certificate» жана «Green Energy Certificate» сертификаттарынын экөөнө тең ээ болгон алгачкы мекеме болуп саналат.


2023-жылы ачылгандан тартып 2025-жылдын соңуна чейин Рами китепканасына 8,2 миллиондон ашык адам келген. Эл аралык «Жашыл китепкана» сыйлыгы анын тарыхый мурасты, экологиялык жоопкерчиликти жана коомдук кызматтарды бириктирген жаңы муундагы китепкана катары дүйнөлүк деңгээлдеги ордун дагы бир ирет тастыктады.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз