Ирандын соккуларынан кийин АКШнын базаларынын сүрөттөрү жарыяланды
«CBS» телеканалы Ирандын соккуларынан кийинки Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базалардагы кыйроолордун кадрларын жарыялады. Сүрөттөрдү журналисттерге учурда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери беришкен.
Кадрлардан имараттардын, авиатехниканын жана инфраструктуранын бузулганын көрүүгө болот. Алсак, Сауд Арабиясындагы «Ханзада Султан» авиабазасында Boeing E-3 Sentry чалгындоочу учагына түз тийген сокку тартылган, анын куйрук бөлүгү жулунуп кеткен. Кувейттеги «Кэмп-Бюринг» базасынан жана башка объектилерден алынган сүрөттөр талкаланган казармаларды жана имараттардын калдыктарын көрсөтөт. Телеканал сүрөттөр качан тартылганын тактаган эмес.
«Бул биздин базаларга келтирилген олуттуу зыян, ал тууралуу америкалык коомчулукка маалымдалган эмес. Биз ал жерде көзүбүздү жумуп туруп, бетке сокку жеп жатабыз», - деп билдирди аскер кызматкерлеринин бири.
Ирандын соккулары Кувейт, Бахрейн, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы, Ирак, Оман жана Иорданиядагы АКШнын объектилерине тийген. «CBS News» билдиргендей, Пентагондун башкы инспекторунун ушул жумадагы отчетунда, жаңжал учурундагы техникалык жоготуулар 3,7 миллиард долларга чейин бааланган, анын ичинде дээрлик 60 учак жана тик учак жок кылынганы белгиленген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

