Эркин Бакиров Балык чарба департаментинин директору болуп дайындалды
Эркин Абытжанович Бакиров Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин директору болуп дайындалды.
Департаменттин жамаатына аны министрдин орун басары Асылбек Сатывалдиев тааныштырды.
Эркин Бакиров 1982-жылы 9-мартта Талас облусунун Манас районунун Манас айылында төрөлгөн.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «Юриспруденция», ошондой эле «Каржы жана насыя» адистиктери боюнча аяктаган.
Буга чейин бир катар жооптуу мамлекеттик кызматтарды ээлеген. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

