Президенттикке ким талапкер боло алат?

Кыргызстандын кезектеги президенттик шайлоосу мыйзам боюнча 2027-жылдын 27-январында — мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өтүшү керек.

Шайлоо өнөктүгүн баштоо үчүн Жогорку Кеңеш добуш берүүнүн күнүн дайындоосу зарыл — мыйзам боюнча муну шайлоого чейин кеминде 4 ай калганда жасоо керек. Кийинки аптада бул маселени парламентте кароо пландалууда.

Ушундан улам «АКИpress» президенттикке талапкерлерге карата негизги талаптарды топтогон. 

Эгерде Жогорку Кеңеш 23-24-сентябрда чечим кабыл алып, ал ошол эле күнү расмий жарыяланса, талапкерлерди көрсөтүү 24-25-сентябрда башталат.

Андан аркы мөөнөттөр добуш берүү күнүнөн — 2027-жылдын 27-январынан тартып эсептелет:

  • талапкерлерди көрсөтүү шайлоого 75 күн калганда — 13-ноябрда аяктайт;
  • кол тамгалар шайлоого 50 күн калганда — 8-декабрга чейин тапшырылышы керек;
  • каттоо үчүн документтер — 45 күн калганда — 13-декабрга чейин алынат;
  • талапкерлерди каттоо 35 күн калганда — 23-декабрда аякташы керек;
  • үгүт өнөктүгү — 23-декабрда башталат;
  • талапкер шайлоого 10 күн калганда — 2027-жылдын 17-январына чейин талапкерлигинен баш тарта алат;
  • тынчтык күнү — 26-январь.

Ошону менен бирге мыйзамда парламент шайлоону өз убагында дайындабаган учур да каралган. Мындай учурда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийинки күнү автоматтык түрдө шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы андан кийин эки календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүү күнүн расмий жарыялап, шайлоону уюштурууну баштоого тийиш.

Ким президент болуп шайлана алат?

Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт.

Конституциянын 68-беренесине ылайык, талапкерге карата негизги талаптар төмөнкүлөр:

  • Кыргызстандын жарандыгы;
  • чет өлкөлүк жарандыгынын жоктугу;
  • добуш берүү күнүнө карата 35 жаштан кем эмес курак;
  • Министрлер кабинети тарабынан бекитилүүчү баалоо системасына ылайык мамлекеттик тилди «Ортодон жогорку» деңгээлде билүү;
  • өлкөдө жалпы 15 жылдан кем эмес жашоо.

Жогорку билим талап кылынбайт

Жогорку билим тууралуу дипломдун болушу президенттикке талапкер үчүн милдеттүү шарт эмес.

Шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын 3-беренесинде белгиленгендей, Кыргызстандын жарандары билимине, тегине, жынысына, этникалык таандыгына, майыптыгына, кызматтык жана мүлктүк абалына, динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайланууга укуктуу.

Кантип талапкерликти көрсөтсө болот?

Президенттикке талапкерлердин саны чектелбейт.

Талапкер саясий партия тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлүшү мүмкүн.

Канча кол топтоо керек?

Катталуу үчүн талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтошу керек.

Ошону менен бирге мыйзам жогорку чекти белгилейт: БШКга 60 миңден ашык кол тапшырууга болбойт. Бир шайлоочу бир нече талапкерди колдоп кол коё алат.

Кол тамгалар БШКга берилгенден кийин комиссия алардын аныктыгын текшерет.

Шайлоо күрөөсү

Катталуу үчүн талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан 1 млн сом шайлоо күрөөсүн төлөшү керек. Бул каражат шайлоодон кийин талапкерлерге кайтарылбайт.

Ошондой эле Конституция мамлекеттик өнүктүрүү программасын сунуштоону талап кылат.

Ким талапкер боло албайт?

Төмөнкү жарандардын талапкер болууга укугу жок:

  • сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылгандар;
  • соттун күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуучу жайда отургандар;
  • соттуулугу барлар, анын ичинде алынган же жоюлган болсо да;
  • соттук иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган жарандар, мыйзамда каралган өзгөчө учурлардан тышкары;
  • диний ишмерлер, ошондой эле диний ишмердигин токтоткон адамдар беш жыл талапкер боло албайт.

Токтотулган кылмыш иштери боюнча кандай өзгөчөлүктөр бар?

Эгерде кылмыш иши төмөнкү учурларда токтотулган болсо, тыюу болбойт:

  • анча оор эмес кылмыш боюнча;
  • этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыш боюнча;
  • жабырлануучу жеке-жамааттык айыптоодон баш тартканда;
  • кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган тартипте айыпталуучу жабырлануучу менен макулдашууга жетишкенде.

Эгерде учурдагы президент шайлоого барса, анын ыйгарым укуктары токтойбу?

Жалпы эреже боюнча мамлекеттик саясий кызматкерлер талапкер болуп көрсөтүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууну токтотушат. Бирок конституциялык мыйзамдын 21-беренеси Кыргыз Республикасынын президенти жана Жогорку Кеңештин депутаты үчүн өзгөчөлүктү карайт.

Тактап айтканда талапкер катары катталган учурдагы мамлекет башчысы президенттин ыйгарым укуктарын аткарууну улантат жана эмгек өргүүсүнө чыгууга же өз функцияларын убактылуу өткөрүп берүүгө милдеттүү эмес дегенди билдирет.

Конституция президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган мамлекет башчысы кызматка киришкен учурда гана аяктарын белгилейт.

Ошону менен бирге учурдагы президенттин макамы аны шайлоо мыйзамдарынын талаптарынан бошотпойт. Ага башка талапкерлер сыяктуу эле административдик ресурсту колдонууга тыюу салынат, кампанияны каржылоо жана үгүт иштеринин эрежелери жайылтылат. Мыйзам административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти карайт.

Маанилүү: шайлоо дайындалган күндөн баштап талапкерлерди каттоонун мөөнөтү аяктаганга чейин маңызы боюнча үгүттөө болуп саналган жана талапкерди идентификациялоого мүмкүндүк берген материалдарды таркатууга болбойт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз