Түркиянын Кара деңизинндеги Качкар тоолору "KAÇKAR BY UTMB 2026" жарышын экинчи ирет кабыл алат

Түркиянын Кара деңиз аймагы жаратылышынын кооздугу менен катар эл аралык спорттук иш-чаралардын да борборуна айланууда. Бийик чокулары, тик капчыгайлары, калың токойлору жана бийик тоолуу жолдору чыдамкайлык спорттору үчүн өзгөчө шарт түзгөн бул аймакта 11–13-сентябрь күндөрү KAÇKAR BY UTMB 2026 тоо чуркоо мелдеши өтөт.

UTMB World Series эл аралык сериясынын курамына кирген жарыш дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген профессионал жана ышкыбоз спортчуларды бир аянтчага чогултат. Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги жана Түркиянын Туризмди илгерилетүү жана өнүктүрүү агенттиги (TGA) колдогон иш-чара Ризе провинциясынын Чамлыхемшин районундагы Качкар тоолорунун татаал рельефинде уюштурулат.

KAÇKAR BY UTMB катышуучулар үчүн жөн гана тоо жарышы эмес. Спортчулар бийик тоолордо физикалык жана психологиялык чыдамкайлыгын сынап, ошол эле учурда Кара деңиздин уникалдуу жаратылышы жана жергиликтүү маданияты менен жакындан тааныша алышат.

Койчулардын байыркы жолдору менен

KAÇKAR BY UTMB мелдеши быйыл экинчи ирет өткөрүлүп, Түркиядагы маанилүү ачык асман алдындагы спорттук иш-чаралардын бири катары позициясын бекемдөөдө. Өткөн жылы Ризе 59 өлкөдөн келген 1 878 спортчуну кабыл алган болсо, быйыл 60тан ашуун өлкөдөн 2 миңден ашык катышуучунун келиши күтүлүүдө.

Жарыштын маршруттары тарыхый кербен жолдору жана байыркы койчу жолдору аркылуу өтүп, жергиликтүү айыл-кыштактарды жана тоолуу конуштарды камтыйт. Бардык төрт дистанциянын — Качкар 100K, Качкар 50K, Качкар 20K жана Айдер 4K — старттары Айдер бийик тоолуу аймагынан берилет.

Качкар 100K — 82 чакырым аралыкты жана 5 600 метр бийиктикке чыгууну камтыган эң татаал маршрут. Катышуучулар тоо кырларын, өрөөндөрдү аралап, Качкар тоолорундагы өзгөчөлүгү менен айырмаланган 12 тоолуу айылдан өтүшөт.

Качкар 50K 44 чакырымга созулуп, 3 миң метрден ашык бийиктикке көтөрүлүүнү талап кылат. Каттам жашыл токойлор, Кемер тоосу, ошондой эле 300 жылдык таш үйлөрү сакталган Хазиндак жана Самистал бийик тоолуу жайлоолору аркылуу өтөт.

Качкар 20K кыскараак болгону менен бийиктик, аба ырайынын тез өзгөрүшү, тоо абасы жана айылдык пейзаждар менен айкалышкан татаал рельефти сунуштайт. Ал эми Айдер 4K — болжол менен 4 чакырым аралык жана 230 метр бийиктикке көтөрүлүү менен тоо чуркоосун жаңы баштагандар үчүн ылайыктуу маршрут.

Качкар тоолору — жаратылыштын уникалдуу аймагы

Кара деңиздин чыгыш бөлүгүндө деңизге параллелдүү созулган Качкар тоолору Ризе жана Артвин провинцияларынын аймагын камтыйт. Аймак биологиялык ар түрдүүлүгү менен айырмаланып, жөө жүрүш, альпинизм жана кемпинг үчүн популярдуу багыттардын бири болуп саналат.

Дарыя жээктеринен башталган жөө маршруттар бийик тоолуу жайлоолорго чейин көтөрүлүп, булуттардын үстүнө чыккандай таасир калтырган кеңири панорамаларды тартуулайт. Тоолордо мөңгүдөн пайда болгон көптөгөн көлдөр жайгашкан.

Качкар тоолору кыш мезгилинде да өзгөчө популярдуу. Овит жана Хандүзү сыяктуу бийик тоолуу аймактарда лыжа тебүүгө шарт түзүлсө, кардын калың катмарындагы фрирайд жана хели-ски сыяктуу экстремалдык спорт түрлөрү да аймакка эл аралык кызыгууну жаратып келет.  

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз