Министрлер кабинети президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча штаб түздү
Министрлер кабинети президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү үчүн Республикалык штаб түздү. Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Штабды Министрлер кабинетинин төрагасы жетектейт, тең төрагасы болуп Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) башчысы болот. Курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирди.
Финансы министрлигине БШКнын чыгымдарын республикалык бюджеттин эсебинен өз убагында каржылоону камсыз кылуу тапшырылды.
ИИМ коомдук тартипти, шайлоо участокторун кайтарууну, жабдууларды ташуу жана сактоо коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле добуш сатып алууга, административдик ресурсту колдонууга жана башка мыйзам бузууларга каршы аракеттенүүгө тийиш.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шайлоо комиссияларынын жайларын өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү, Энергетика министрлигине участокторду үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу тапшырылды. Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө участокторду түзүү жана өлкөдөн тышкары жүргөн шайлоочуларды маалымдоо боюнча чараларды көрүшү керек.
Президенттин иш башкармасына маалыматтык системалардын ишин камсыз кылуу, шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу жана онлайн-идентификацияны өркүндөтүү тапшырылды. УКМК менен биргеликте ал БШКга киберкоопсуздукту камсыз кылууда көмөктөшөт.
Жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү штабдарды түзүү, жайларды, транспортту, жабдууларды жана байланыш каражаттарын бөлүү тапшырылды. Ошондой эле алар майыптыгы бар адамдар үчүн участоктордун жеткиликтүүлүгүн жана үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн тең шарттарды камсыз кылууга тийиш.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

