Сыргак Кенжебаев Вьетнам менен Камбожанын чек арасында кармалган

Ишкер жана Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысынын мурдагы орун басары Сыргак Кенжебаев Вьетнам менен Камбожа мамлекеттеринин чек арасында кармалганын 14-октябрда «АКИpress» агенттигине булактары билдиришкен.

Алдын ала маалымат боюнча, ал Камбожада болгон.

Кенжебаев КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) жана 41-беренесинин 2-бөлүгү, 36-беренеси жана 278-беренесинин 1-бөлүгү (массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү) боюнча шектелүүдө.

Ал 13-ноябрга чейин №21 тергөө абагына киргизилди.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, анын үстүнөн М.Н. аттуу жаран арыз жазган. Жабырлануучу Кенжебаев биргелешкен бизнес кылабыз деп убада берип, андан 150 миң доллар алып, алдап кеткенин билдирүүдө. Ушуга байланыштуу Кенжебаев издөөгө алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы Кенжебаев чет өлкөдө жүрүп интернетке провокациялык мүнөздөгү материалдарды жана бийликти басып алуу максатында митинг жана массалык башаламандыктарды уюштурууга чакырыктарды жарыялап жүргөнүн белгилеген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз