Министрлер кабинети иш сапарда суткалык акы кайсы чыгымдарды жабарын тактады

Министрлер кабинети иш сапарларындагы суткалык чыгымдар түшүнүгүн тактады.

Тиешелүү № 684 токтом 2026-жылдын 9-октябрында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, суткалык акы кызматкердин иш сапар учурундагы жеке чыгымдарын жабуучу төлөм катары аныкталды. Аларга тиричилик муктаждыктары, тамак-аш жана иш сапар жеринин чегиндеги жол кире кирет.

Өзгөртүү Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 «Иш сапар чыгымдарынын ченемдерин белгилөө жана аларды төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна киргизилди.

Ошол эле учурда суткалык акынын өлчөмдөрү өзгөргөн жок. Кыргызстандын ичиндеги иш сапарлар үчүн алар төмөнкүдөй:

  • аймактарда суткасына 1000 сом,
  • Бишкекте 1200 сом.

Турак жай жана жол кире чыгымдары өзүнчө жөнгө салынат.

Токтом 13-октябрда жарыяланган жана расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз