Ички иштер министри Жапыкеевдин кармалышын саясий өңүткө байланыштырыштын кереги жоктугун билдирди

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Сыймык Жапыкеевдин кармалганы боюнча комментарий берди.

Буга чейин Бишкек милициясы 19-октябрда Жаманбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн тургундары батирден чыккан ызы-чуу боюнча арызданышканы тууралуу билдирген. Чакыруу боюнча келген милиция кызматкерлери батирде 49 жаштагы Жапыкеев болгонун аныкташкан. Ал мас болчу.

Милициянын талаптарына Жапыкеев агрессивдүү жооп кайтарып, чатак салган. Ушуга байланыштуу ал милицияга жеткирилген.

Министрдин айтымында, түндө Жапыкеев достору менен спирт ичимдиктерин ичип жаткан жана балдары менен жашаган тургундар арызданышкан.

«Бул саясий иш-чараларга байланыштуу эмес. Муну саясий өңүттө карабаш керек. Эгер Жапыкеев бүгүн «Кыргызтестке» барса дагы, сынакты тапшыра алмак эмес. Бардыгы мыйзам чегинде каралат. Коомчулуктан маалыматты туура кабыл алууну суранам», - деди ИИМ башчысы.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз