"Ырыс-Ордодонун" чатырындагы түтүн толугу менен жоюлганы кабарланды

21-октябрда саат 15:23тө Бишкекте «Ырыс Ордо» конгресс-холлунун чатырындагы түтүн толук жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин имараттын чатырында изоляциялоо иштери жүргүзүлүп жатканда түтүн чыкканы кабарланган.

Окуя тууралуу билдирүү ӨКМге саат 12:36да келип түшкөн. Жерине эки өрт өчүрүүчу экипаж, эки автотепкич, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу жана штаб жөнөтүлгөн.

Окуя болгон жерде өрт өчүрүү кызматтары иш алып барышты. Милиция объектини курчоого алды.

ӨКМден өрт чыкпаганын, изоляциялоо иштери учурунда түтүн пайда болгонун белгилешти. Мекеменин кызматкерлери түтүн чыккан аянтты текшерип чыгышты.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз