Тажикстан жоогазын менен байчекейди улуттук гүлдөрү деп жарыяланды

Жоогазын жана сиехгуш (байчечекей) Тажикстандын улуттук гүлдөрү деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Эмомали Рахмон кол койду.

Чечим тажик элинин өзгөчөлүгүн бекемдөө жана маданий мурасты сактоо, өзгөчө өсүп келе жаткан муундун арасында коргоо каалоосунан улам кабыл алынды. Демилге ошондой эле эстетикалык табитти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек.

Гүлдөрдү жайылтуу боюнча чараларды республиканын өкмөтү көрөт. Жоогазын менен сиехгуш ички жана эл аралык иш-чараларда көрсөтүлүүгө тийиш.

Документтин түшүндүрмөсүндө жазды тосуп алуу боюнча улуттук салттар менен байланышкан эки гүл тең тажик маданиятында дээрлик башкы орунду ээлей турганы такталат.

«Сиехгуш — байчечекейлердин элдик аталышы, ал тазалыкты жана адилеттүүлүктү чагылдырат. Ал эми жоогазын элдин кадыр-баркын, өлкөнүн жаратылышынын сулуулугун жана гүлдөп-өсүшүн символдоштурат», - деп айтылат документте.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз