Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжар Кыргызстандын студенттерине лекция окушу мүмкүн
Химия боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжар түрк мамлекеттеринин университеттеринин студенттерине лекция окууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев окумуштуу менен Стамбулда болгон жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кабарлады.
Анын айтымында, тараптар ТМУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде кабыл алынган чечимдерди, түрк дүйнөсүндөгү илим менен билим берүүнү өнүктүрүүнү, ошондой эле «Орхун» академиялык алмашуу программасынын натыйжалуулугун жогорулатууну талкуулашты.
«Жолугушуу учурунда Санжар түрк өлкөлөрүнүн университеттеринде окуган жаштарга лекция окууга даяр экенин билдирди», - деди Өмүралиев.
Ал мындай жолугушуулар илимий жана билим берүү байланыштарын, ошондой эле түрк элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого салым кошорун айтты.
Азиз Санжар — түрк тектүү америкалык окумуштуу, биохимик жана молекулярдык биолог. 1946-жылдын 8-сентябрында Түркиянын Мардин провинциясынын Савур шаарында туулган.
2015-жылы ДНКнын калыбына келүү механизмдерин изилдегени үчүн Томас Линдаль жана Пол Модрич менен бирге химия боюнча Нобель сыйлыгын алган.
Анын илимий эмгектери клеткалар ар кандай факторлордун, анын ичинде ультрафиолет нурлануунун таасиринен пайда болгон ДНКнын бузулууларын кантип аныктап, оңдой турганын түшүндүрүүгө жардам берген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

