Кыргызстанда быйыл өзгөчө кырдаал жана кырсыктардан 302 адам каза болгону айтылды
2026-жылдын 15-ноябрына карата Кыргызстанда жалпы 3 649 кырсык катталып, 302 адам каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев маалымат берди.
Министрликтин маалыматы боюнча, республикалык деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн:
- 2026-жылы 42 өзгөчө кырдаал катталып, 42 адам каза тапты, материалдык чыгым 468 млн 502 миң сомду түздү;
- 2025-жылдын ушул мезгилинде 14 өзгөчө кырдаал катталып, 32 адам каза болгон, чыгым 60 млн сомду түзгөн.
Ал эми жалпы кырсыктардын саны былтыркы 3 816 учурдан быйыл 3 649 учурга чейин (167ге) азайган. Келтирилген жалпы материалдык чыгым да 1 млрд 735 млн сомдон 1 млрд 269 млн сомго чейин кыскарды. Бирок каза болгондордун саны өткөн жылдагы 278 адамга салыштырмалуу 24кө көбөйдү.
Өрт кырсыктары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгөн:
- жыл башынан бери 2 709 өрт катталды (былтыркыдан 509 учурга аз);
- материалдык чыгым 1 млрд 213 млн сомду түздү (518 млн сомго кыскарган);
- өрттөн 22 адам каза болуп (былтыр 46 адам), 30 жаран жабыркады.
Ошол эле учурда өлкөдө сел кырсыктары кескин көбөйдү. 2025-жылы 83 сел жүрүп, адам өлүмү катталбаса, 2026-жылы 355 сел кырсыгы катталып, 8 адам каза болду. Селден келтирилген чыгым былтыркы 1 млн 980 миң сомдон быйыл 479 млн 953 миң сомго жетти. Кесепеттерди жоюуга 4 миңден ашык адам жана 775 атайын техника тартылып, турак жайлар, социалдык объектилер, жолдор жана сел каналдары тазаланды.
Жыл башынан бери ӨКМдин куткаруучулары тарабынан жалпы 428 адам куткарылды (өткөн жылы — 368 адам). Алардын ичинен 292 жаран экстремалдык кырдаалдардан, 113ү жол кырсыктарынан, 14ү суу объекттеринен, 5и өрттөн жана 4ү шахталардан куткарылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

