Депутат Бекмурза Эргешов каратэ боюнча дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду ээледи

Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов 9-15-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өткөн Шотокан каратэ-до (SKIF) боюнча XV дүйнөлүк биринчиликке катышып, коло медаль жеңип алды.

Мелдеште 47 өлкөдөн келген 1140 спортчу жеке ката, кумитэ, командалык ката жана командалык кумитэ дисциплиналары боюнча күч сынашты.

Аталган биринчиликте Кыргызстандын намысын 55 спортчу коргоду. Алардын катарында депутат Бекмурза Эргешов 40 жаштан жогорку спортчулар арасында якусоку кумитэ дисциплинасы боюнча үчүнчү орунду ээледи.

Жалпысынан кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 11-орунду камсыздашты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз