Шаркыратмада спорт комплекси ачылды
Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн Шаркыратма айылында жайгашкан Ж. Айтбаев атындагы толук эмес орто мектептин алдында жаңы спорт комплекс курулуп, пайдаланууга берилди. Анын ачылышына Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев баш болгон жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл тургундары катышышты.
Иш-чарада облус башчысы, жаштардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи. Маалыматка ылайык, спорт комплексинин курулушуна жалпы 16 миллион 758 миң 316 сом каражат жумшалган. Бул каражаттын эсебинен айыл эли үчүн спорттук жай курулуп, жаш муундардын дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгуусуна шарт түзүлдү.
Чындыгында, спорт – ден соолуктун булагы эле эмес, жаштарды тартипке, ынтымакка, жоопкерчиликке жана жеңишке умтулууга тарбиялайт. Айыл жергесинде спорттук инфраструктуранын өнүгүшү балдардын талантын ачууга, келечектеги спорт чемпиондорун тарбиялоого жана жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө чоң салым кошот.
“Шаркыратма айылында жаңы спорт комплекстин пайдаланууга берилиши – айылдын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган алгылыктуу иштердин бири болуп калды. Эми мектеп окуучулары менен айыл жаштары үчүн спорттун түрлөрү боюнча машыгып, өздөрүнүн дене тарбиялык даярдыгын жогорулатууга жана спорттук жетишкендиктерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү”- дейт айыл өкмөттүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбек.
А.САПАРБАЕВА.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


