Прагада 450 миңдей адам өкмөттүн ЖМКны каржылоо системасын өзгөртүү пландарына каршы митингге чыгышты
15-ноябрда Прагада Чехия өкмөтүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарын каржылоо системасын өзгөртүү пландарына каршы массалык демонстрация өттү. Бул тууралуу «Reuters» жазды.
Уюштуруучулардын баалоосу боюнча, акцияга 350 миңден 450 миңге чейин адам катышты. Прага полициясы демонстрация 1993-жылы эгемен Чех Республикасы түзүлгөндөн берки эң ири акция болгонун ырастады, бирок катышуучулардын так санын жарыялаган жок.
Премьер-министр Андрей Бабиштин өкмөтүнүн «Чех телевидениеси» менен «Чех радиосун» каржылоого калктан ай сайын алынуучу милдеттүү жыйымды жокко чыгарууну жана аталган ЖМКларды мамлекеттик бюджеттен каржылоого өтүүнү караган мыйзам долбоору нааразылыктарга себеп болду.
Учурда үй чарбалары коомдук телерадиоберүүнү камсыздоого ай сайын 205 чех кронасын (болжол менен $9,5) төлөшөт. Сунушталып жаткан реформа ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын каржылоону болжол менен 15%га кыскартууну карайт.
Мыйзам долбооруна каршы болгондор бюджеттик каржылоого өтүү редакцияларга саясий басым жасоого шарт түзүп, алардын көз карандысыздыгын чектейт деп кооптонушат.
Өкмөт өз кезегинде ЖМКга көзөмөл орнотуу аракети боюнча айыптоолорду четке кагып, реформаны калкка түшкөн каржылык жүктү азайтуу аракети менен түшүндүрүүдө.
Мыйзам долбоору 24-октябрда парламентте биринчи окуудан өткөн. Буга чейин, 3-ноябрда телевидение жана радионун кызматкерлери иш ташташкан. Полициянын маалыматы боюнча, демонстрация тынч аяктаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

