Депутат кичи ажылыкка бараткан 100дөн ашуун кыргызстандык Ташкентте калып калганын айтты

Кичи ажылыкка бараткан 100дөн ашуун кыргызстандык түшүнүксүз абалга туш болуп, 12-ноябрдан бери Ташкентте калып калышкан жана алар кете да албай, кайра кайтып келе да албай жатышат. Бул маалыматты депутат Бурул Аманова Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында айтты.

Ал Ташкентте калып калган кыргызстандыктар аны менен байланышканын билдирди.

«Көпчүлүк түштүк аймактан барышкан: Жалал-Абад облусу, Баткен облусу, анан Баткен облусунун бир топ айылдарынан барган жарандар бар экен. Ушул күнү менин адресиме 104 киши кайрылып отурат. Аларга билеттерин да бербей жатыптыр, «Нур Умра Трэвел» деген компания экен. Мирзат айымдын өзү менен да сүйлөштүм, ал болсо "ана учурам, мына учурам" деген сөздөрүн айтып жатат. Бирок жарандарыбыздын колунда билеттери дагы жок экен», - деди Аманова. Ал ошондой эле муфтият менен байланышканын кошумчалады.

Депутат Лейлектен барган жарандардан кошумча дагы 100 доллардан алышканын, бирок алар тизмеде жок экенин билдирди.

«Мага айткан сөзүндө, Мирзат айым: "400 доллардан үстүнө кошуп беришсе, аларды учуруп коёбуз" деген сөзүн айтты. Бирок мен жарандарга чалсам, "Жок, биз кошуп бере албайбыз, билеттин акчасын толугу менен төлөп бергенбиз" деп жатышат», - деди Бурул Аманова.

Анын айтымында, жарандар каттамдын так жүгүртмөсү жок экенин, бирок мейманкананы бошотууну айтышканын ырасташкан.

Депутат муфтияттан, Ички иштер министрлигинен жана башка министрликтерден тиешелүү чараларды көрүүнү өтүндү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз