Орусиялык аэропорттун кызматкери Новосибирск-Бишкек каттамындагы жүргүнчүнүн 200 миң рублин уурдап кеткен

Новосибирск – Бишкек каттамынын жүргүнчүсүнүн ири суммадагы акчасы уурдалды, деп билдирет 26-мартта Сибирь Транспорт полициясынын басма сөз кызматы. Бул тууралуу "Сводка АКИпресс" басылмасы жазды.

Коопсуздук кызматкерлери «Толмачёво» аэропортунун 25 жаштагы кызматкерин кармашты. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү Бишкекке кетчү жүктү жүктөө учурунда жарым-жартылай ачылган чемодандан 5000 рублдик купюраларды байкап калган. Ал жерден 200 миң рубль алып, кызматкерлердин эс алуу бөлмөсүндөгү диванга жашырып койгон.
 
Кармалган жаранга беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилүү коркунучу бар.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз