Ош шаардык милициясынын тергөөчүүсү пара талап кылууга шектелип кармалды
Ош ШИИБдин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ош ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Ж.А. кармалды.
«Тактап айтканда, Ош ШИИБдин тергөөчүсү жеке кызыкчылыгын, баюуну көздөп, кылмыш ишин токтотуу жана жоюу максатында Ош ШИИБдин архивдик кылмыш ишин таап, кайра ачууга көмөк көрсөтүү үчүн КР жаранынан 50 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталды.КР жараны бир нече жолу КР ИИБне кат жүзүндө кайрылуу жолдогон. Бирок, Ош ШИИБдин тергөөчүсү жарандардын кайрылууларын кароонун мыйзамда белгиленген тартибине карабастан, жогоруда көрсөтүлгөн сумманы талап кылган»,- деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын 27-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында акча каражаттарын которуу фактысы катталган. Ош ШИИБдин улук тергөөчүсү милициянын подполковниги К.Ж.А.нын кызматтык кабинетин тинтүү учурунда 45 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган. Мындан улам, аталган кызматкер КР ЖПКнын 96 жана 97-беренелеринин негизинде кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү багыты боюнча ишин активдүү улантууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.