ИИМ массалык башаламандык уюштурууга шектелгендерди камарды. Арасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты бар
ИИМ массалык башаламандык уюштурууга айыптап, бир нече адамдардын тобун кармады. Арасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты да бар.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 20-декабрында айрым маалыматтарга ылайык, “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү белгилүү бир мезгилден бери жолугушууларды өткөрүп, жарандарды массалык башаламандык уюштурууга, нааразылык акцияларына жана митингдерге чакырып, өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүүгө багытталган аракеттерди көрүп жатканы аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Зомбулук менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштуруу”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты да бар болгон төмөнкү жарандар Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына жеткирилди. Алар:
У.К. (1963-ж.),Ч.А. (1956-ж.), И.К. (1983-ж.), Н.К. (1965-ж.), И.Д. (1969-ж.), Т.Дж. (1965-ж.), О.И. (1967-ж.), И.Дж. (1979-ж.), А.К. (1975-ж.), У.К. (1968-ж.), К.Б. (1961-ж.).
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, бул жарандар кылмыш жасоого шек саналып кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.