«Достук» чек ара постунан контрабандалык жол менен 12 тыйын чычканды алып бара жаткан өзбек жараны кармалды
Сүрөт аңчы адис Урустам Абдыкеримовго таандык
8-февраль кечинде Өзбекстандын жараны 12 тыйын чычканды «Достук» чек ара постунан контрабандалык жол менен өткөрүп жатканда кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратлышы аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн Кара-Суу району боюнча аңчы адиси Урустам Абдыкеримов билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстан Республикасынын жараны Ысык-Көл облусунан 12 тыйын чычканды Өзбекстанга өткөрүү учурунда кармалган.
«8-февраль күнү кечинде «Достук» чек ара постунан 12 тыйны чычканды контрабандалык жол менен өткөрүп жаткан өзбек жараны кармалды. Кармалган жаран Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ал эми тыйын чычкандарды Ош шаарындагы зоопаркка ак түзүп, өткөрүп бердик»,- деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.