Алдамчылык боюнча эл аралык издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды
Мекенинде издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери өз мекенинде издөөдө жүргөн жаранды кармашты.
«Кармалган жаран эл аралык издөөдө жүргөн, коңушу өлкөнун жараны. Ал 1976-жылы туулган У.К. өз мекенинде ири алдамчылык беренеси менен изделип жаткан. Шектүү 2025-жылдын 13-март күнү Ош шаарынын аймагынан Ош ШИИБнын эктремизимге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу жайга киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.
Аны өз ара келишимдер жана мыйзам талабына ылайык кылмыш жасаган жерине өткөрүп берүү боюнча тараптар сүйлөшүп жатышат.
Аталган шектүүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында да кылмыштарга тиешеси бар, же жок экендиги текшерилүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.