Кара-Суу районунда мурда райондук администрациянын балансынан мыйзамсыз чыгарылган имараты бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын балансынан мыйзамсыз чыгарылган эки кабаттуу имараты бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мыйзамсыз алынган жана жеке менчикке чыгып кеткен мамлекеттик объекттерди жана жер участокторун аныктоо, мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында эки кабаттуу имараты бар жер участогу мамлекеттин балансына кайтарылды.
«Тергөөнүн жүрүшүндө 2004-жылы Кара-Суу раймамадминистрациясынын айрым кызмат адамдары Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын аймагында жайгашкан жер тилкесин жеке менчикке чыгарууга көмөк көрсөткөнү аныкталган. Жеке менчикке өткөндөн кийин аталган жерге эки кабаттуу коомдук тамактануучу имарат курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген»,- деп айтылат маалымата.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси имарат менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды.
Учурда, бул багытта тиешелүү иш-чаралар уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.