Бишкектеги мурдагы бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды
Бишкек шаарындагы мурдагы бала бакчанын имараты мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаары, Маевка Муниципалдык аймактык башкармалыгы дарегинде жайгашкан, пайдалуу аянты 735,8 кв.м, турак жай аянты 460,5 кв.м., жер тилкеси 0,63 га болгон балдар бакчасынын имаратын мыйзамсыз чыгаруу фактылары аныкталган.
«Тактап айтканда, 1994-жылы мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде аталган бала бакча мыйзамсыз чыгарылып, кийин жеке менчикке сатылып кеткени такталган. Аталган жай жеке менчикке өткөндөн бери бала бакчанын имараты бүгүнкү күнгө чейин өз максатына ылайык пайдаланылбай келген. Учурда аталган имарат талкаланып, кароосуз калып, дары-дармек каражаттарын сактоочу жай катары колдонулган»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган объекттин ээси С.В.А. мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, мурдагы бала бакчанын имаратын жер тилкеси менен кошо мамлекеттин пайдасына өткөрүп берди.
Азыркы учурда мурдагы бала бакчанын имараты Бишкек шаарынын мэриясынын балансына максаттуу пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилгенин белгилей кетүү керек.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.