Бактыбек Сыдыков генетикалык оорулар боюнча айткандарын эл туура эмес түшүнгөнүн айтып, өзүнүн сөздөрүн түшүндүрдү
Кыргызстанда кош бойлуулук маалында пренаталдык диагностика жүргүзүү керек, — деп билдирди депутат Бактыбек Сыдыков (Ноокен шайлоо округу) 9-апрелде парламенттин жыйынында.
Ал майыптар маселеси боюнча комитетте сүйлөгөн сөзүн эске салды.
«Кечээ социалдык тармактарда бул боюнча кызуу талкуу жана сындар болду. Мени фашистке салыштырышты. Гитлер менен теңештиришти. Ким гана деп аташкан жок», — деди ал жана, балким, туура эмес түшүнүшкөнүн билдирди.
«Негизги маселе эмнеде? Медицинага таандык негизги принцип бар — дарылоодон көрө, оорунун алдын алуу жакшыраак. Бүгүн бул принцип өтө актуалдуу болуп турат. Жыл сайын жаңы оорулар пайда болуп жатат, аларды дарылоо кыйын жана кымбат болууда. Айрыкча генетикалык, тукум куучулук оорулар балдарды жабыркатууда жана бул үй-бүлө үчүн гана эмес, коом менен мамлекет үчүн да трагедияга айланууда», — деди ал.
Сыдыковдун маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 150 миң ымыркай төрөлөт. Бирок алардын аз гана бөлүгүнүн ата-энеси кош бойлуулукту эл аралык протоколдор боюнча жакшы жабдылган жеке клиникаларда — Бишкек жана Ош шаарларында карата алышат.
«Көпчүлүк элдин жеке клиникаларда кызмат алууга мүмкүнчүлүгү жок. Элдин көпчүлүгү кош бойлуулукту кандай болсо ошол бойдон өткөрөт», — деди ал.
Ал пренаталдык скрининг деген кош бойлуулук маалында түйүлдүктө мүмкүн болгон кемтиктерди жана кош бойлуулуктагы кооптуу факторлорду алдын ала аныктоого багытталганын эске салды.
Депутаттын айтымында, калк үчүн сапаттуу пренаталдык скрининг жеткиликтүү болбогондуктан, туулуп жаткан балдардын арасында патологиясы, кемтиги жана тубаса илдеттери барлар көбөйүүдө.
Бактыбек Сыдыковдун пикиринде, кош бойлуу аялдардын баарына жапырт пренаталдык диагностика жүргүзүлүшү керек.
«Эгерде патология аныкталса, баланы төрөйбү же жокпу — бул чечимди ата-эне гана кабыл алат. Кечээ мени туура эмес түшүнүшсө керек. Бул изилдөөнүн жыйынтыгы ата-энеге берилет жана алар өздөрү чечим чыгарат. Эч кандай мажбурлоо жок», — деди ал.
Анын айтымында, скринингди бардык кош бойлуу аялдар өтүшү керек, бирок тобокелдик тобуна кирген аялдар да бар.
«Кыргызстанда пренаталдык скринингди киргизүү — бул элдин жашоо сапатын жогорулатуу үчүн зарыл чара», — деди ал жана мындай программа Европанын бардык өлкөлөрүндө жана көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде ишке ашканын кошумчалады.
Депутат белгилегендей, кээ бир ооруларды кош бойлуулуктун алгачкы апталарында эле аныктоого болот.
«Кыргызстанда акыркы үч жылда ымыркайлардын өлүмүнүн себептеринин ичинде тубаса аномалиялар экинчи орунду ээлеп келет. Мындай учурлардын саны тездик менен өсүүдө. Эгерде 2020-жылы ВПР (тубаса кемтиктер) менен катталган ымыркайлардын саны 158 112 төрөттүн ичинен 3551 болсо (2,25%), 2023-жылы бул көрсөткүч 145 977 төрөттө 4502 учурду түзгөн (3%)», — деп кошумчалады ал.
Бактыбек Сыдыков акыркы 4 жылда 604 миң ымыркайдын ичинен 18 351 бала майып болуп төрөлгөнүн, бул 3,5% түзөрүн айтты.
«Бул өтө эле көп деп эсептейм», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.