Президент 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүгө умтулуп жатканын билдирди

КР Президенти Садыр Жапаров 21-мартта, Ош шаарында Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чарада сүйлөп жатып, Кыргызстан 12 жылдык окутуу системасын киргизүүгө умтулуп жатканын белгиледи.
 
“Артка кылчайып, тарыхка көз чаптырсак, 3 жылдык, 8 жылдык, 10 жылдык жана 11 жылдык билим берүү системаларын башыбыздан өткөргөн экенбиз. Азыр дүйнө тынымсыз, күн сайын өзгөрүү жолунда. Дүйнө жүзү боюнча өнүккөн 150дөн ашуун өлкөдө заман талабына ылайык, 12 жылдык билим берүү системасы аркылуу окутуунун мазмуну, билим берүүнүн ыкмалары кирген. Мурдагыдай түшүнсө, түшүнбөсө дагы эрежелерди жаттоону таштап, алып жаткан билимин турмушта пайдаланууга кесипке эрте багыт берүүгө басым жасалууда. Дагы бир топ өзгөчөлүктөр менен 12 жылдык окуу системасы алгылыктуу деп табылып, ийгиликтерди жаратууда. Мындай шартта биз дүйнө баскан жолго багыт алышыбыз керек деп эсептеймин”,-деди ал.
 
Буларга кошумчалап Жапаров бул маселенин күңгөй-тескейин талкуулап, максат-милдеттерин аныктап алып тиешелүү жоболорду бекиткенин билдирди.
 
“Ошентип, биз, дүйнө агымынан калбоого далалат кылып жатабыз. Ансыз деле технологиялар жагынан алганда айрым өлкөлөрдөн 100 жылга арттабыз. Көйгөй жараткан маселелерди четинен чечип келатабыз, бул иштерди да ыкчамдатабыз. Биз, билим берүү тармагына материалдык, моралдык, идеологиялык колдоо канча керек болсо, ошончо колдойбуз. Анткени билим алда канча ашык ийгиликтерге жеткирээрин баарыбыз билебиз. Билим берүүнү жолго коймоюнча, башка тармактардын ыкчамдап өнүгүшү кыйын деп так кесе айта алам”,-деди Жапаров. 
 
Ошентип 12 жылдык билим берүү системасына өтүү маселеси кызуу талкууланып жатканда Президент бул талкууга чекит койгондой болду. Анткени бир тарап бул кадамды билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана эл аралык стандарттарга шайкеш келүү үчүн маанилүү деп эсептесе, экинчи тарап каржылык чыгымдар жана учурдагы көйгөйлөрдү эске алып, аны ишке ашырууга эрте дешкен.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз