Кыргызстанда бир гана бала «Золгенсма» дарысын алган

Кыргызстанда «Золгенсма» дарысын бир гана бала алган. Бул тууралуу 17-мартта парламенттин социалдык комитетинин жыйынында Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин дары-дармектерди каттоо бөлүмүнүн башчысы Мирбек Нышанбаев билдирди.
 
«“Золгенсма” – абдан кымбат дары. Анын баасы 2 миллион доллар турат», – деди ал.
 
Анын айтымында, бул препарат 2 жашка чейинки жана салмагы 13 килограммдан ашпаган балдарга колдонулганда эң жакшы натыйжа берет.
 
Омуртканын булчуңдарынын атрофиясы (ОБА) – булчуңдардын барган сайын алсызданышы менен мүнөздөлгөн генетикалык оору. Ал гендеги мутациядан улам келип чыгып, жүлүндөгү кыймыл нейрондорунун иштешинин бузулушуна алып келет. Бул нейрондор нерв системасынан булчуңдарга сигнал берүү үчүн жооп берет.
 
«Золгенсма» – омуртканын булчуңдарынын атрофиясын дарылоочу дары. Ал 2021-жылдын декабрь айында Россияда каттоодон өткөн. Учурда бул ооруга каршы үч препарат колдонулат: «Спинраза», «Рисдиплам» жана «Золгенсма».
 
Буга чейин активисттер омуртканын булчуңдарынын атрофисы менен жабыркаган балага 214 млн сом чогулткан. Анын 170 млн сому аталган балага «Золгенсма» дарысын алуу үчүн берилсе, калган акча ушундай эле оору менен жабыркаган балдардын жакындарына берилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз