Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулду
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Алмазбек Атамбаевге карата "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишке байланыштуу чечим чыгарды.
«АКИпресс Сводка» редакциясына Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдиргендей, Атамбаев КР Жазык кодексинин эски редакциясындагы 319-беренеси («Коррупция») боюнча күнөөлүү деп табылды, бирок жазык мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза чектелген жок.
Чечимди судья Мирлан Термечиков чыгарды.
Буга чейин, 2020-жылдын 23-июнунда Биринчи Май райондук соту Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 5 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирген, мурдагы Жазаларды атакаруу мекемесинин жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 2 жылга эркинен ажыраткан, бирок камактагы мөөнөтү бүткөндүктөн сот залынан бошотулган.
Академик Абдухалим Раимжанов да күнөөлүү деп табылган, бирок жаза мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза дайындалган эмес.
2020-жылдын 14-августунда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.
Бирок 2020-жылдын 30-ноябрында Жогорку сот мурунку инстанциялардын бардык чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.
Кийинчерээк, 2021-жылдын октябрь айында Жогорку сот бул иш боюнча өкүмдү кайрадан калыбына келтирген.
2023-жылдын февраль айында Атамбаевдин адвокаттарынын жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчүн Жогорку сот канааттандырган.
Жогорку соттун 2021-жылдын 12-октябры жана 2022-жылдын 15-марты боюнча жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын токтомдору жокко чыгарылган.
Кылмыш иши кайрадан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.