УКМК Ош облусундагы 196 иш боюнча мамлекетке 5 млрд сомго жакын акча кайтарды
2024-жылы УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгы тарабынан коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча 99 кылмыш иш козголуп, анын ичинен, мурда козголгон иштерди эске алганда 176 кылмыш иш сотко жиберилип, 20 кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Ош облустук прокуратурасынан билдиришкендей, УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгынын өндүрүшүндө болгон 196 кылмыш иш жана кылмыш ишин козгоодон баш тартылган 40 материалдар боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 4 млрд 955 млн 609 миң 199 сомду түзүп, аталган зыян мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.
Ош ОИИБдин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн тергөө кызматтарынын өндүрүшүндө болгон 56 кылмыш иш жана кылмыш ишин козгоодон баш тартылган 8 материалдар боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 32 млн 305 миң 738 сомду түзүп, анын ичинен 31 млн 693 миң 423 сомдук материалдык зыян мамлекетке өндүрүлгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.