Кой-Таш окуясы боюнча сот: Мамлекеттик айыптоочулар Атамбаевге 11 жыл абак жазасын сурашты

Кой-Таштагы жаңжал. Сүрөт: "Азаттык"

2025-жылдын 14-апрелинде Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча иштин кароосунда жарыш сөздөр өттү.
 
Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар өз сөздөрүн сүйлөштү.
 
Алар иштин фигуранттарын күнөөлүү деп таанып, төмөнкү жазаларды дайындоону суранышты:
 
- мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу;
 
- мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматкери жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу;
 
- мурдагы Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовду 10 жылга эркинен ажыратуу;
 
- мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековду 10 жылга эркинен ажыратуу;
 
- мурдагы депутаттар Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Мээрбек Мискенбаевди, ошондой эле Атамбаевдин тарапташы Кундуз Жолдубаеваны 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен (пробация) жазалоо.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз