Мас абалында кайгуул кызматкерлери менен кайым айтышкан жаран Бажы кызматынан бошутулуп, камалды
29-апрелде Октябрь райондук ИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Мамлекеттик бажы кызматындагы кызматкер ичимдик ичип, жаңжал чыгарганы үчүн убактылуу кармоо жайына киргизилди, деп жазат "Сводка АКИпресс".
Бишкек шаарында 27-апрелде патрулдук милиция жана жарандык активисттер биргелешип рейд өткөрүшкөн. Активисттер болгон окуяны видеого тартып турушкан. Профилактикалык иш-чара учурунда борбордогу көңүл ачуучу жайлардын биринин жанында Lexus LX570 үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, документтери текшериле баштаган. Бирок унаанын айдоочусу милициянын талаптарына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган.
Унаа токтотулгандан кийин патрулдук милиция кызматкерлери айдоочунун мас экенине шек санашкан. Мындан сырткары, унаада айдоочудан башка дагы бир адам болгону аныкталган: ал киши да мас абалда болуп, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, өзүн күч органдарынын кызматкери катары тааныштырып, байланышы бар экенин айтып коркуткан.
Кыскача кайым айтышуудан кийин эки эркек тең наркологиялык борборго жеткирилген. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында экөө тең мас экени аныкталган. Айдоочуга карата протокол түзүлүп, унаасы айып короого токтотулган.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мас жүргүнчү бажы кызматкери болуп чыккан. Ал УКМКга жеткирилип, ал жерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал жосунсуз жүрүм-туруму үчүн кечирим сураган. Ведомствонун маалыматына караганда, ал кызматкер мамлекеттик органдын аброюна шек келтиргени үчүн жумуштан бошотулган.
Өз кезегинде Октябрь райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, унаанын жүргүнчүсү — 1990-жылы туулган К.В. — КРдин Бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.