Ош: Кылмышы үчүн милицияга пара сунуштаган жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт

Кылган кылмышы үчүн милиция кызматкерине 50 миң сом пара сунуштаган жаран кармалды. Мындай маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
 
Маалым болгондой, 2025-жылдын 18-апрель күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына маалымат келип түшкөн. Ал маалыматта 2025-жылдын 13-апрель күнү Ош шаарынын тургуну Ш. Ы. арыз менен кайрылып, ал арызында 2025-жылдын 13-апрель күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Ош шаарынын тургунуна ага аты жөнү белгисиз өзүн “Мухамедали” деп таанышытырган, болжол менен 20-25 жаштагы эркек киши, ага карата күч колдонуп, ыплас аракеттерди жасаганын билдирген. 
 
«Катталган маалыматты текшерүү учурунда “Мухамедали” аттуу жарандын өздүгү аныкталып, анда 2005-жылдын туулган М. М.ны Ош ШИИБнын тергөө кызматына чакырган учурда, катталган тергөөгө чейинки текшерүү материалы боюнча анын кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл алып берүүгө пара сунуштап жаткандыгын көрсөткөн. 2025-жылдын 18-апрелинде бул факты боюнча каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголгон»,- деп айтылат маалыматта.
 
2025-жылдын 19-апрелинде Ш.Ы. тарабынан жазылган арыз боюнча текшерүү материалын оң тарапка чечүү үчүн шектүү М.М. пара сунуштап, пара катары 50 000 сом акча каражаттарын ыкчам кызматкерлерине берген учурда, КРнын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө кызматкерлери жана Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнү оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте М.М.аттуу жаран 50 000 сом пара берип жаткан жеринен кармалып, берилген акча каражаттары далил буюм катары алынган
 
Шектүү катары кармалган М.М аттуу жарандын баш коргоо чарасы Ош шаарында каралып, бир айга камак түрү тандалып алынды. 
 
М.М. шектүү катары суралып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96, 97-бер. талаптарына ылайык Ош ШИИБнын УКЖна кармалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз