Автомектептерди окуунун мөөнөтү 14 айга созулат, - К. Туманбаев
Мамлекет айдоочуларды даярдоо системасын кайра карап чыгып, эми унаа айдоону үйрөнүү мамлекеттик автомектептерде 14 айга созуларын, ал эми бардык жеке автомектептер жабыларын президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев 3-ноябрда жаңы паспорттордун презентациясында билдирди.
Анын айтымында, кээ бир жарандар жеке автомектептерге таптакыр барбай эле айдоочулук күбөлүк алып жүрүшөт. Ошондуктан мамлекет мыйзам боюнча гана айдоочулук күбөлүк берилүүсүн камсыз кылуу жоопкерчилигин өз мойнуна алды.
Окуу мөөнөтү 14 ай болот — бул убакыт ичинде студенттер бардык жыл мезгилдеринде айдоо практикасын өтүшү үчүн шарт түзүлөт.
Мындан тышкары, 2026-жылдан тарта мектеп окуучуларына да 11-класстан (16 жаштан баштап) айдоочулук негиздерин үйрөтүү башталат.
«Бардык жеке автомектептер чоңдор үчүн жабылат, анын ордуна мамлекеттик автомектептер ачылат», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




