"Баңгизаттарды пландуу түрдө сатып жүргөн": Бишкек ШИИБдин милиция кызматкерлери кармалды
УКМК тарабынан баңгизат сатуу менен алектенген Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, УКМК Бишкек ШИИБдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын баңгизат менен күрөшүүчүлөр тарабынан уюштурулган баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүнүн схемасын аныктап, токтотту.
«Тактап айтканда, УКМК Бишкек ШИИБдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган башкармалыктын ыкчам кызматкерлери жарандарга өсүмдүк жана синтетикалык баңгизаттарды пландуу түрдө сатып жүргөндүгүн аныктады. 2025-жылдын 29-апрелинде дагы бир ири дозаны өткөрүп берүү учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Б.Д.М., ошондой эле аны менен алдын ала сүйлөшүп алган милициянын лейтенанты Г.М.Б. кармалды. Белгиленген кызматкерлердин жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңги каражаттары табылган»,- деп айтылат маалыматта.
Иштин материалдарынын алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Кармалган милиционерлер Б.Д.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына, ал эми Г.М.Б. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.
УКМК тарабынан КР Ички иштер органдарынын абийирсиз кызматкерлерин аныктоого багытталган тиешелүү иштер улантылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.